Зат же нең – материянын физикалык талаадан (поле) айырмаланып, тынч абалдагы, массага ээ болгон түрү.
Заттын тынч абалдагы массасы нөлгө барабар болгон элементардык бөлүкчөлөрдөн (негизинен электрон, протон, нейтрон) турат. «Материя» – философиялык, ал эми Зат физика жана химиялык мааниде колдонулат. Жөнөкөй зат бир эле химиялык элементтин атомдорунан, татаал заттар эки же андан көп элементтин атомдорунан түзүлөт. 17–18-кылымдарда илимде атомдук багыт пайда болгондо зат дегенди материя менен бирдей касиетке ээ болгон «материал» жана андан жаратылыштагы бардык нерселер келип чыккан деп түшүнүшкөн. Заттын 4 түрдүү абалы белгилүү: газ, суюктук, катуу нерсе, плазма. Материяны заты менен окшоштуруп материя жоголду деген теориялардын негизи идеализмге барып такалат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Зат, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.