Загреб (хорв.
Zagreb [ˈzâːɡrɛb]) – Европадагы шаар, Хорватиянын башкалаасы жана ири экономикалык, маданий борбору.
Загреб | |||
хорв. Zagreb | |||
| |||
Өлкө | Хорватия | ||
---|---|---|---|
мэр | Милан Бандич | ||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Биринчи белгиленген | 1094 | ||
Мурунку аталышы | Аграм | ||
Аянты | 641,29 | ||
Бийиктиктиги | 104—1035 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны | 790 017 (2011) | ||
Жыштыгы | 1232 адам/км2 | ||
Этнохроним | загребдик, загребдиктер | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы | +1 | ||
Телефон коду | +385 1 | ||
Почта индекси | 10 000 | ||
Автоунаа коду | ZG | ||
http://www.zagreb.hr/ |
Сава дарыясындагы порт. Калкы 702,4 миң (2007). Эл аралык аэропорту бар. Каптола жана Градца шаарынын биригишинен пайда болгон. Машина куруунун ири борбору (анын ичинде электр-техника), химия, нефть ажыратуу, текстиль, булгаары-бут кийим, жыгаччылык, полиграфиялык өнөр жай ишканалары иштейт. Илимдер жана искусство академиялары, университет, Штросмайер (мурдагы чеберлердин) галереясы, 40тан ашык музей (анын ичинде Элдик революция, искусство жана кол өнөрчүлүк, археологиялык жана башка), скульптор И. Мештровичтин үй-музейи бар. Эл аралык ярмаркалар (апрель, октябрь) өткөрүлүп турат. Алгач 1094-жылдан эскерилет. 16-кылымдын ортосунан Габсбургдардын бийлиги астында болгон. Собор, епископтун резиденциясы (13-15-, 19-кылым), чептердин калдыктары (15-16-кылым), шаар чептери (1318-к.), готика стилиндеги Ыйык Марк чиркөөсү (14-15-к.), барокко (Оршич-Раухов, 18-кылым) жана классицизм (Елачичтер сарайы, 18-19-кылым) стилиндеги турак жайлар, театр (19-кылымдын аягы, эклектика), биржа (1920) сакталган. Түштүк Загребде заманбап курулмалар курулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Загреб, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.