Акназарова Жылдыз Корчубековна
Аты-жөнү: | |
Туулган жылы: 1965-жылы 4-август | |
Туулган жери: Ош облусу | |
Жарандыгы: Кыргызстан | |
Илимий чөйрөсү: Экономика | |
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Бизнес жана менеджмент факультети | |
Илимий даражасы :Экономика илимдеринин доктору (200) | |
Илимий наамы: профессор |
1980 жылы Москва Мамлекеттик Университетин экономика факультетин бүтүргөн. 1986 жылы ушул эле жогоруда аталганган университеттин аспирантурасын бүтүрүп кандидаттык диссертациясын коргогон. 1996 жылы бизнести башкаруу жана менеджмент боюнча курстарын АКШ дагы Орегон штатындагы Портленд Университетин жогорку артыкчылык менен бүтүргөн. 1998 жылы АКШ дагы Вашингтон шаарында эл аралык Вудроу Вилсон борборунун Кеннан Институтунда илимий изилдөө ишин жүргүзгөн. 2002-2003 жылдары АКШ нын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында Филадельфия Университетинде Фулбрайт профессору болуп илимий изилдөө ишин “ Кыргызcтандагы приватташтыруу” деген темада жүргүзгөн. 2004 жылы АКШнын Нью-Джерси штатындагы Монтклер Университетинде эл аралык бизнес жана экономика боюнча сабактарды өтүп эл аралык профессор болуп иштеген. Өзүнүн эмгек жолун 1980 жылы Кыргыз Мамлекеттик Универститетинде Бишкек шаарында политэкономия кафедрасында мугалим болуп баштаган. 1987 жылдан бери Ош педагогикалык институтунда политэкономия кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доцент болуп иштеп келген. 1992-1996 жылдары экономикалык теория кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 1996 жылы ОшМУда "Бизнес жана менеджмент" факультетин ачкандан кийин жети жыл декан болуп иштеген. 2003 жылдан баштап эл аралык мамилелер боюнча проректор болуп беш жыл иштеген. Ош областык администрациясын губернаторунун кеңешчиси жана Ош областтык шайлоо комиссиясынын катчысы болуп иштеген. Ош шаарындагы АКСЕЛС өкүлчүлүгүнүн директору болуп беш жыл иштеген. Азыркы күндө ОшМУнун "Бизнес жана менеджмент" факультетинин "Ишканалар экономикасы жана бизнести башкаруу" кафедрасынын профессору жана Career Ambassador Foundation-CAF мекемесинин Оштогу официалдуу өкүлү болуп иштейт.
Жылдыз Акназарова эл аралык конференцияларда, семинарларда, симпозиумдарда өзүнүн илимий эмгектеринин презентациялары менен Гарвард, Джорджтаун Университеттеринде, АКШда, Кембридж Университетинде, Великобританияда, Рюкокю Университетинде, Жапонияда, Менеджмент Университетинде, Сингапурда, Цюрих Университетинде, Швейцарияда жана башка мамлекеттерде мастер класс өткөргөн. Темпус, Орто Азиядагы Евразия,Сорос-Кыргызстан фонддорундагы проектер менен иштеген. Фулбрайт, CIS linkage, Айрекс жана башка эл аралык программаларын стипендианты. 50дөн ашык илимий эмгектери эл аралык басмаларда жарык көргөн.
Жылдыз Акназарованын ОшМУга кошкон салымы эң зор. ОшМУ да "Бизнес жана Менеджмент" факультетин жана 4 окуу жана маданий борборлорун ачкан. Бул Америкалык Борбор, Карьера борбору, Лидердик жана Кореялык борборлор. SIFE-Enactus студенттердин кыймылын туштуктогу университеттерде ачкан. Озунун тынбастык эмгеги жана лидердик сапаты менен ОшМУга инвестицияларды Орто Азиядагы Евразия Фондунан, ТЕМПУС, ДААД, Кыргызстандагы АКШнын элчилигинен, Индиянын элчилигинен, Кореянын билим берүү борборунан, Ага-Хан фондунан, Сорос-Кыргызстан фондунан жана башка эл аралык уюмдардан алып келген. Бул болсо университеттин инфраструктурасын өнүктүрүүгө, мугалимдердин жана студенттердин профессионалдык деңгээлин жогорулатууга жол тузгон.
https://www.facebook.com/jyldyz.aknazarova?fref=ts
http://search.rsl.ru/ru/record/01008622980
http://rudocs.exdat.com/docs/index-14596.html?page=2(жеткиликсиз шилтеме)
http://kyrgyzstan1.com/oo-centr-amerikanistiki-osh/(жеткиликсиз шилтеме)
http://stolica.kg/events/master-klass-magisterskie-programmy-fulbright-ssha-i-shevening-velikobritaniya/(жеткиликсиз шилтеме)
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Акназарова Жылдыз Корчубековна, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.