Хорватия, расм.
Хорватия Республикасы (хорв. Republika Hrvatska) — Балкан жарым аралынын батышындагы мамлекет. Мурдагы Югославиянын курамындагы Хорватия 1991-жылы мамлекеттик эгемендүүлүгүн алган. Борбору - Загреб шаары, акча бирдиги - куна. Калкы 4.4 млн. Калкынын негизги бөлүгүн түштүк славян католиктер түзөт.
Ховатия Республикасы | |||||
| |||||
Гимн: «Lijepa naša domovino» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 25-июнь 1991-жылы ( Югославиядан) | ||||
Расмий тили | хорват тили | ||||
Борбор шаары | Загреб | ||||
Ири шаарлар | Загреб, Сплит, Риека, Осиек | ||||
Президенти | Зоран Миланович | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 128 - дүйнөдө 56 594 км² 1,1 | ||||
Калкы • Бааланган (2020) • Жыштыгы | 5 146 789 адам 74,7 ад./км² | ||||
ISO коду | HR | ||||
ЭОК коду | CRO |
Интернеттеги домени -.hr
Хорватия 2013-жылдын 1-июлунда (теке айынын 1инде) Европа Биримдигине 28-мүчө өлкө болуп кирди.
Хорватия Евробиримдикке кирүү тууралуу арызын 2003-жылы жолдогон болчу.
4,4 миллион калкы бар Хорватия Евробиримдикке мүчө болгон мурдакы Югославиянын экинчи республикасы.
Мурдагы Югославия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп 2004-жылы Евробиримдикке Словения кабыл алынган.
Эми Хорватиянын Евробиримдикке кирген башка өлкөлөр менен чектеш жерлеринде чек ара төлөмдөрү талап кылынбайт. Бирок азырынча Хорватия Шенген эркин виза мейкиндигине жана Европа монетардык ынтымагына кошулбайт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Хорватия, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.