Баткен окуясы — Диний экстремисттердин тобу 1999-жылы август айынын башында эгемендүү Кыргыз Республикасынын түштүгүнө басып киришип, Баткен районунда өздөрүнүн лагерлерин курган жана аларды чыңдоого аракет кылышкан.
Өздөрүн Өзбек Республикасынын мамлекеттик бийлигинин оппозициясыбыз деп эсептеген бандиттик топтор Кыргызстандын аймагын өздөрүнүн базасына айландыруу, тажрыйбасы жок жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн.
Баткен окуясы (1999-2000) | |||
Дата | август 1999 — 2000 | ||
---|---|---|---|
Орун | |||
Себеп | Өзбекстан Ислам Кыймылынын Баткен облусуна кирип келиши. | ||
Натыйжа | Кыргызстандын стратегикалык утуусу:
| ||
Каршы тараптар | |||
| |||
Колбашчылар | |||
| |||
Тарап күчтөрү | |||
| |||
Жоготуулар | |||
|
Өз максаттарына жетүү үчүн алар милициянын, райондук админ. кызматкерлерин, ал жакта иштеген япондук төрт геологду жана карапайым адамдарды барымтага алышкан. Бир катар кыштактарды басып алууга үлгүрүшкөн. Динге жамынган террорчулардын бул аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү катары бааланып, аларды талкалоо, республиканын чегинен сүрүп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алган.
Региондук деңгээлдеги терроризмге каршы күрөштө Кыргызстанга «Шанхай бешилтигинин» келишимдерине ылайык Өзбекстан, Россия, Армения жана Казакстан аскердик-техникалык жактан көмөк көрсөтүштү. Кыргызстандык жоокерлер, ыктыярдуу аскердик топтор бандиттердин бирикмелерин талкалоодо күжүрмөндүктү көрсөтүшүп, айрымдары бул кармашта Ата Мекен үчүн курман болушту. Кыргызстандын түштүгүндөгү куралдуу кагылышуулар Кыргызстандын жалпы элинин биримдигинин, душманга каршы сокку уруу жөндөмдүүлүгүн сыноодон өткөрдү.
Республиканын көптөгөн жаштары Кыргызстандын бүтүндүгүн коргоо, бандиттик топторду талкалоо үчүн өз ыктыяры менен аттанышкан. Республиканын түштүгүндөгү баскынчылардан жапа чеккен элдерге, аскерлерге жардам берүүгө Кыргызстандын эли колунан келген жардамдарын көрсөтүштү. Кыргызстандын түштүгүндөгү бул окуя республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу ишинде чоң сабак болгон. Мында республиканын куралдуу күчтөрүндөгү кемчиликтер, аскердик техниканын, курал-жарактын жетишсиздиги жана башка айкын көрүндү.
Кыргызстан Өкмөтү бул кемчиликтерге жеткиликтүү баа берип, тийиштүү чараларды көрө баштады. Куралдуу кагылышуулар болгон чөлкөмдүн стратегиялык жана социалдык-экономикалык маанисин эске алып, Кыргыз Республиканын Президенти А. Акаев 1999-жылы 13-октябрда Баткен облусун түзүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул облуска Ош облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондору жана Кызылкыя шаары киргизилип, жаңы облустун борбору Баткен айылы болуп белгиленди.
Бул кабар борборго жетери менен Ички иштер министри Өмүрбек Кутуев, МУКК жетекчисинин орун басары Токон Мамытов, Коргоо министри Мырзакан Субанов Коопсуздук кеңешинин катчысы Эсен Топоев шашылыш түрдө Баткенге учуп барышкан.
Ошол кездеги басма сөзгө чыккан маалыматтарга таянсак, бул куралдуу кагылыш 35ке жакын жараныбыздын өмүрүн алып, бир нечесин жарадар кылган. Куралчан адамдар кийинки жылы Өзбекстан тараптан Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна кирип келишкен. 11-сентябрда ИИМдин атайын кызматы менен алардын ортосунда атышуу жүрүп, куралчандар толугу менен жок кылынган. Бул кармашта кыргыз милициясынын эки кызматкери: ага лейтенант Муратбек Туйтунов менен сержант Мирдин Түгөлбаев курман болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Баткен окуясы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.