Братислава – Словакиянын борбор шаары.
Дунай дарыясындагы порточо Калкы 442,5 миң (2006). Өлкөнүн ири экономикалык борбору; жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Химиялык жана нефть-химиялык өнөр жай борбору. Машина куруу, тамак-аш-татымал, текстиль, тигүү, полиграфиялык өнөр жайы, университет, Словакия Илимдер академиясы, Словак улуттук галереясы иштейт. Азыркы Братиславанын аймагын байыркы кельт уруулары мекендешкендиги археол. казуулардан белгилүү. Биздин заманга чейинки 5-кылымда Братиславага славян уруулары отурукташа баштайт. 10-кылымда Братислава Пожонь деген ат менен Венгрия королдугунун курамына кирет. 13-кылымда Братиславаны немистер колониялап алып, Пресбург аталат. Түрктөр Буданы басып алгандан кийин (1541), Б. Венгрия королдугунун борбору, венгр королдору менен архиепископторунун резиденциясы (1784-ж. чейин). 1919-ж. 1-январынан Словакиянын башкы шаары. 1969–90-ж. Словакия Социалисттик Республиканын, 1990–92-жылдан Словакия Республиканын борбору. Град сепили (9–18-к.), шаар чептеринин калдыктары (13–18-кылым), готика стилиндеги чиркөө (Ыйык Мартин, 13–19-кылым), барокко жана классицизм стилиндеги сарайлар сакталган. Эл аралык фестивалдар (театр, кино, заманбап бийи) өткөрүлүп турат.
Братислава | |||
словак. Bratislava | |||
| |||
Өлкө | Словакия | ||
---|---|---|---|
Облус түрү | край | ||
Облус | Братислава | ||
Таблицадагы облус | Братислава | ||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Биринчи белгиленген | 907 | ||
Мурунку аталышы | Пожонь, Пресбург, Прешпорок | ||
Аянты | 368 | ||
Бийиктиктиги | 140 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны | ▲ 462 603 (2012) | ||
Жыштыгы | 1171 адам/км2 | ||
Улуттук курамы | словактар (91,4%), венгрлер (3,8%), чехтер (1,9%), немистер (0,3%), поляктар, украиндер | ||
Диний курамы | католиктер 56,7%, атеисттер 29,3%, лютеране 6 %, башкалар 4,7 % | ||
Этнохроним | братиславалык, братиславалыктар | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы | +1 | ||
Телефон коду | +421 02 | ||
Автоунаа коду | BA,BL | ||
http://www.bratislava.sk/ |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Братислава, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.