Лима – Перу Республикасынын борбору.
Лима департаментинин административдик борбору. Тынч океандын жээгинде, Римак дарыясынын боюнда, Анд тоосунун этегинде жайгашкан. Калкы 7,4 млн (2010; шаар айланасы менен борбордук агломерациясын түзөт; калкы 8,3 млн). Өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий башкы шаары. Лима аркылуу Панамерика шоссе жолу өтөт. Эл аралык аэропорту, метрополитен бар. Жогорку ылдамдыктагы автобус системасы түзүлүүдө. 1535-ж. испандар тарабынан негизделип, алгач Сьюдад-де-лос-Рейес («королдор шаары») деп аталган. 1821-ж. чейин Перу вице-королдугунун, 1821-жылдын 28-июлунан Перу Республикасынын борбору. Машина куруу, тамакаш (балык кармалып, беленделет), текстиль, нефть ажыратуу, нефть-химия, металл иштетүү, түстүү металлургия, эмерек, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Фармацевтика (350дөн ашык тармактык ишканалары бар) өнүккөн. Лимадa алдынкы улуттук банктардын, компаниялардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн штаб-квартиралары жайгашкан. Университеттер, музейлер (анын ичинде археология, Перу искусствосунун маданияты, улуттук антропология жана этнография жана башка), китепканалар, театрлар, улуттук консерватория, симфониялык оркестр, ак сарайлар, чиркөөлөр, монастырлар (16–18-к.) бар. Эл аралык көргөзмө-ярмаркалар, бизнес-конференциялар жана башка иш-чаралар өткөрүлүп турат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Лима, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.