Рига – Латыш Республикасынын борбору.
Даугава дарыясынын боюнда Балтика деңизинин Рига булуңуна куя беришинде жайгашкан. Климаты деңиздиктен континенттикке өтмө. Январдын орточо температурасы -4,5°С, июлдуку 18°С. Жылдык жаан-чачыны 649 мм. Калкы 706 миң (2010). Темир жол түйүнү. Деңиз порту. Шаар алгач 1198-жылдан эскерилет. 1201-жылдан шаар. Машина куруу (анын ичинде электр-техникалык, радио электроника), металл иштетүү, химиялык, химиялык-фармацевтика, полиграфиялык, жыгаччылык, жеңил, тамак-аш, парфюмерия-косметика өнөр-жай ишканалары, курулуш материалдар өндүрүшү иштейт. Латвия ИА, ЖОЖдор (анын ичинде университеттер, музыка академиясы ж. б.), 21 музей (анын ичинде тарых, кемечилик, сүрөт ж. б.), 9 театр (анын ичинде улуттук опера жана балет) ж. б. бар.
Рига | |||
Rīga | |||
| |||
Өлкө | Латвия | ||
---|---|---|---|
Ички бөлүнүшү | 6 район | ||
мэр | Нил Ушаков | ||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Негизделген күнү | 1201 | ||
Аянты | 304,05 | ||
Бийиктиктиги | 7 | ||
Климатынын түрү | мелүүн деңиздик | ||
Калкы | |||
Калкынын саны | ▼ 641 007 (2015) | ||
Жыштыгы | 2276,3 адам/км2 | ||
Этнохроним | ригалык, ригалыктар | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы | +2 | ||
Телефон коду | +371 | ||
Автоунаа коду | LV | ||
http://www.riga.lv/ |
Шаардын эски бөлүгүндө Домский собору (13-кылым), Екаб (13-кылым) жана Петер (13-14-кылымдардын башы) чиркөөлөрү, Орден сепили (14–19-кылымдар), 15–18-кылымдардагы турак жайлар ж. б. сакталган. Боордоштор көрүстөнү (1924–36) мемориал комплекси бар. Ригага жакын жерде климаттык (Юрмала, Огре, Сигулда) жана бальнеологиялык (Балдоне жана Кемери) курорттор жайгашкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Рига, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.