Дублин – Ирландиянын борбор шаары.
Ирландия аралынын чыгышында, Лиффи дарыясынын чатында жайгашкан. Калкы 1 045 769 киши (2006). Өлкөнүн башкы порту. Эл аралык аэропорту бар.
Дублин | |||
Mór Bhruachbhailte Bhaile Átha Cliath Файл:DublinMontage.jpg | |||
| |||
Өлкө | Ирландия | ||
---|---|---|---|
Жерри Брин | |||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Негизделген күнү | 841 | ||
Биринчи белгиленген | 140 | ||
Аянты | 114,99 | ||
Бийиктиктиги | 1690 | ||
Климатынын түрү | мээлүүн деңиз климаты | ||
Калкы | |||
Калкынын саны | ▲ 1 045 769 (2006-жыл) | ||
Жыштыгы | 227 адам/км2 | ||
Агломерациясы | ▲ 1 700 627 | ||
Улуттук курамы | ирланддар (82,8 %), | ||
Диний курамы | католиктер (81,0 %) | ||
Этнохроним | дублиндик, дублиндиктер | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы | 0 | ||
Телефон коду | +353 1 | ||
Почта индекси | D1-18, 20, 22, 24, D6W | ||
http://www.dublincity.ie/ |
Алгач 3-кылымдан эскерилет. 1922-ж. Эркин Ирландия мамлекетинин, 1949-жылдан Ирландия Республикасынын борбору. Машина куруу (анын ичинде кеме), металл иштетүү, тамак-аш –татымал, текстиль, тигүү өнөр жай ишканалары иштейт. Сепил-сарай (учурда Юстиция сарайы, 13-кылым), готика стилиндеги Крайст-чёрч (11–13-кылым) чиркөөсү жана Сент-Патрик (12–14-к.) собору, ратуша сакталган. Бир нече музей (анын ичинде улуттук, заманбап искусство, сүрөт жана башка), китепканалар, университет, Улуттук галерея, королдор музыкасы жана Ирландия королдор академиялары, театрлар (1948-жылдан театр фестивалдары өткөрүлөт) бар. Шаардан 48 км аралыкта Египет пирамидаларынан 700 жыл илгерки Ньюгрэж эң эски кабырстаны сакталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дублин, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.