Копенгаген (дан. København (маалымат) / , лат.
Hafnia) – Дания Королдугунун борбору (1443-жылдан). Эресунн булуңунун оң жээгинде, Зеландия жана Амагер аралында жайгашкан. Калкы 600,0 миң (2003; Чоң Копенгаген агломерациясында 1,5 млн; өлкөнүн калкынын 30%и). Алгач 1043-жылдан Хавн (гавань) тургун жайы катары эскерилет. 1167-ж. епископ Абсалон аны айланта сепил жана чеп курдурткан. 1170-жылдан Копенгаген аталат. 1186-жылдан 1416-ж. чейин (үзгүлтүк менен) Роскилльск епископтугунун курамында болгон. Копенгаген 1254-ж. шаар статусун алган. 1443-жылдан король резиденциясы. 20-кылымда Копенгаген ири өнөр жайлык борборго айланган. 1940-ж. апрелде немис фашисттер басып алган, бирок 1945-ж. 5-майда бошотулган. Копенгаген – Даниядагы гана эмес Скандинавия өлкөлөрүндөгү эң ири соода-өнөр-жай борбору. Машина жана станок куруу, металл иштетүү, электртехникалык, химиялык, фарфор, текстиль, тигүү өнөр-жай ишканалары иштейт. Университеттер, техникалык жогорку мектеп, ветеринария жана айыл чарба король жогорку мектеби, консерватория, инженердик, музыка, искусство академиялары, калк китепканасы, көптөгөн музейлер (сүрөт, улуттук ж. б.) театрлар, Карлсберг жаңы глиптотекасы (скульптура топтому) бар. Шаардын эски бөлүгүнө кууш ийри көчөлөр мүнөздүү. Биржа, Росенборг аңчылар, Шарлоттенборг (17-кылым), Кристиансборг (18-кылым) ак сарайлары сакталган.
Копенгаген | |
дан. København | |
Өлкө | Дания |
---|---|
Облус | Ховедстаден |
мэр | Франк Йенсен |
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү | 1167 |
Биринчи белгиленген | XI кылым |
Аянты | 86.20 |
Климатынын түрү | деңиздик |
Калкы | |
Калкынын саны | 569 557 (2014) |
Жыштыгы | 6214,7 адам/км2 |
Агломерациясы | 1937 611 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы | +1 |
http://www.kk.dk/ |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Копенгаген, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.