Кишинёв

Кишинёв, Кишинэу (рум.

1995-жылдан өзгөчө автономия статусу бар өзүнчө административдик бирдикти — муниципийди түзөт. Бык дарыясынын боюнда (Днестрдин оң куймасы), Кодр токойлуу дөңсөөсүндө, деңиз деңгээлинен 429 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 785,1 миң (2008; агломерациясында 1,3 млн). Темир жана автомобиль жолдорунун ири тоому. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 1466-жылдан «Акбашев Кешенев» деп эскерилет. 1712-жылы расмий булактарда шаар деп аталган. 15-кылымдын башынан Осмон империясынын, 1812-жылдан Россия империясынын, 1918-жылдан Румыниянын, 1940-жылдан СССРдин (Молдаван ССРинин борбору) курамында болгон. 1991-жылдан Молдова Республикасынын борбору. Машина куруу (анын ичиндеайыл чарба машиналары, соода жана тамак-аш, авиация, муздаткычтар, электр-өлчөөчү приборлор ж. б. өнөр жай үчүн жабдуулар, телевизорлор ж. б.), тамак-аш—татымалдар [жашылчажемиш консервалары, шарап даярдоочу (салттуу мүнөзгө ээ), тамеки], химиялык (фармацевтика, лак-боёктор, пластмасса буюмдары, парфюмерия), жыгаччылык (анын ичинде эмерек) өнөр жай ишканалары жана кондитер (250гө жакын продукция чыгарат), тигүү фабрикалары, айнек такталар заводу, трикотаж бирикмеси иштейт. Килем токулуп, зер буюмдар даярдалат. Шаардын борбордук аянтында салтанат капкасы, тарыхый бөлүгүндө Орган залы жайгашкан. Ошондой эле кафедралуу собор (учурда сүрөт музейинин филиалы), Мазаракиевск (18-кылым), Рышкановск (18-кылым) жана Благовещенск (19-кылымдын башы) чиркөөлөрү сакталган. Кишинёвдо Улуу Стефан IIIгө, М. Горькийге, Л. Н. Толстойго ж. б-га эстелик орнотулган. Кишинёв— Молдованын илим, билим жана маданий ири борбору. Шаарда 30дан ашык жогорку окуу жай (анын ичинде мамлекеттик университеттер), ИА, бир нече ИИИ, китепканалар (80ден ашык), А. С. Пушкиндин үй-музейи, 9 музей (анын ичинде тарых-край таануу, сүрөт, адабият ж. б.), театрлар (анын ичинде опера жана балет), филармония бар. Кишинёвдо туристтер үчүн заманбап мейманканалар курулган. Шаардын чегинде шарап сакталган Криково атактуу жер төлөсү, Чыгыш Европанын түштүгүндөгү эң кооз табигый парк — Роза гүлдөр өрөөнү, күмүш көлмөлөр жана бүтүндөй бир парк скульптура галереясы жайгашкан. Жыл сайын эл аралык куурчак театрлар жана музыкалык фестивалдар, конкурстар өткөрүлүп турат.

Кишинёв
Chișinău
Кишинёв
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Молдова

примар

Дорин Киртоакэ (м. а.)

Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген

1436

Аянты

123

Калкы
Калкынын саны

804,5 миң (2014)

Жыштыгы

6540,65 адам/км2

Этнохроним

кишинёвдук, кишинёвдуктар

Сандык идентификаторлор
Телефон коду

+373 22 xxxxxx
+373 32 xxxxxx

Почта индекси

MD-20xx

Автоунаа коду

C -- ---
K -- ---

http://www.chisinau.md

Колдонулган адабияттар

Tags:

МолдоваРумын тили

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кыргыз элинин көркөм өнөрчүлүгүМухаммед кыргызКытайСаякбай КаралаевТүштүк-Батыш АзияКургак учукКойЖылкыКуркуре дарыясы (Чулышман куймасы)ГепатитФотосинтезМамлекеттик бюджетГаздардагы электр разрядыАмир ТемирБорбордук нерв системасыОш коогалаңы (1990)Түшүндүрмө мүчөОмор СултановБайдылда СарногоевБаланы бешикке бөлөөМаркетингБакайБасмачылыкСооронбай ЖусуевЖеңиш чокусуЭс алууБиосфераСөз айкашыМамлекетМутациялык селекцияКомпьютердик тармакМанап бийБеш миң сомЧоң казатОрозбак уулу СагымбайАмерика Кошмо ШтаттарыКитептин тарыхыТаранчыКыргыз аттарыГепатит АСаспаев АманЖылдыздуу асманЖай мезгилиСезүү мүчөлөрүЭлектрМурунЖакиев БексултанКүнСуунун шорлуулугуАзотГлобалдык экологиялык проблемаларТүгөлбай СыдыкбековКалп(адабият)ЖайлооАк кеме (тасма)Сабатсыздыкты жоюуГеографиялык улуу ачылыштарЖугуштуу ооруларКокон АвтономиясыМүнөз (психология)Тянь-Шандын түндүк тизмегиАтакенин ак болотуАксонометриялык проекцияларБразилияМагнит талаасыУзакбай АбдукаимовПедагогикаГеографияСөз түркүмүСолтоноев Белек Солтонкелди уулуСын атоочСыдык уулу ОсмонаалыЖарандык коргонууНатуралдык санБилим берүүБиоценозЩелочтуу жер металлдары🡆 More