Эдинбург - Улуу Британиядагы шаар.
Шотландиянын борбору (1437-жылдан). Климаты мелүүн деңиздик. Январдын орточо температурасы 40°С, июлдуку 15,1°С. Жылдык жаан-чачыны 750 мм. Калкы 452 миң (2010; шаар айланасы менен 730 миң). Жолдор тоому. Т. ж. бекети, эл аралык аэропорту бар. Түндүк деңиздеги Ферт-оф-Форт булунундагы деңиз порту. Шаардын экономикасынын негизин банк-финансы, туризм, билим берүү жана жогорку технологиялар тармагындагы илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштеп чыгуулар түзөт. Фармацевтика, машина куруу, металл иштетүү, кагаз-целлюлоза, полигр., жеңил, тамак-аш (а. и. Пиво кайнатылат, виски өндүрүшү өнүккөн) өнөр жай ишканалары иштейт. ЖОЖдор (а. и. Шотландия академиясы, университет), музейлер (а. и. Шотландия королдорунун), улуттук сүрөт галереясы ж. б. бар. 15-16-кылымда Шотландия королдугунун борбору болгон.
Сент-Маргрет капелласы (12-к.), готика стилиндеги Сент-Жайлс собору (14-16-к.), шотландия королдорунун Холируд ак сарайы (12-17-к.), классицизм стилиндеги (18-19-к) курулуштар сакталган. Шаардын тарыхый бөлүгү 1995-ж. Бут кул дуйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Жыл сайын эл аралык фестивалдар өткөрүлүп турат. Туризм (жылына 13 млнго жакын турист келет) өнүккөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Эдинбург, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.