Уи́льям Ге́нри Гейтс III (англ. William Henry Gates III; 28.10.1955, Сиэтл ), таанымал ысымы Билл Гейтс (англ. Bill Gates) — америкалык ишкер жана коомдук ишмер, Пол Аллен менен бирге түзгөн жана Microsoft компаниясынын эң ири акционери.
2008-жылга чейин компаниянын башчысы, ал кеткенден кийин директорлор кеңешинин аткаруучу эмес төрагасы ордунда калды.
Билл Гейтс | |
William Henry Gates III | |
Төрөлгөндөгү аты: | Уильям Генри Гейтс III |
---|---|
Ишмердүүлүк тармагы: | ТөрагаБилл жана Мелинда Гейтс корунда |
Туулган датасы: | 28 -октябрь 1955 (68 жаш) |
Туулган жери: | Сиетл, АКШ |
Жарандыгы: | |
Атасы: | Уильям Генри Гейтс II |
Апасы: | Мэри Максвелл Гейтс |
Жубайы: | Мелинда Гейтс |
Балдары: | Дженнифер Катарин Гейтс, |
Сыйлыктары: | |
Сайт: | Microsoft PressPass - Bill Gates. Түп булактан архивделген күнү 23 -август (баш оона) 2011. |
Жеке жашоосуна келсек, Гейтс 38 жашында Мелинда Френч менен баш кошкон. Экөөнүн Женнифер Катарин аттуу кызы жана Рори Жон менен Фиби Адель аттуу уулдары бар. 2008-жылдын 7-январында компьютердик Microsoft компаниясынын жетекчилик кызматынан кетип, кайрымдуулук менен алектенүүгө өтөрүн билдирген. 2 жылдан кийин компаниянын башкы аткаруучу директорлугунан да кеткен. Башкы аткаруучу директорлук кызматты Гейтстин студент кезде тапкан досу Стив Балмер ээлеген. Учурда Б. Гейтс «Билл жана Мелинда Гейтс» фондунун жетекчиси жана өзү негиздеген компаниянын эң ири акционери.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Билл Гейтс, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.