Microsoft Corporation — программдык камсыздоо өндүрүшү боюнча эл аралык эң чоң компанияларды бири.
Ар түрдүү эсемтөө техникаларынын түрлөрүнө - персоналдык компьютерлер, оюн приставкалары, чөнтөк компьютерлер, уюлдук телефондор жана башкаларга програмдык камсыздоолорду иштеп чыгат. Дүйнөгө кеңири жайылган Windows иштетүү тутумдары үй-бүлөсүнүн өндүрүүчүсү. 1975- жылы түзүлгөн. Башкы кеңселери Редмонд, Вашингтон шаарларында жайгашкан. Жумушчуларынын штабы 90 миң кызматкерден турат.
Microsoft Corporation | |
Негизделген жылы | 1975 - жыл |
---|---|
Негиздөөчүлөрү | Билл Гейтс, Пол Аллен |
Жайгашкан жери | |
Өндүрүшү | Програмдык камсыздоо |
Продуктулары | Microsoft Office |
Киреше айлануусу | ▲ $62,484 млрд (2010 жыл) |
Таза киреше | ▲ $18,760 млрд (2010 жыл) |
Жумушчуларынын саны | 89 миң. (2010 жыл) |
Сайт |
Microsoft компаниясынын продуктулары дүйнөнүн 80 ден ашык өлкөлөрүндө сатылат. Програмдары 45 тен ашык тилге которулган.
2002-жылдын аягынан баштап Алматы калаасында Microsoft кеңсеси ишин алып барат. Максатары: програмдык камсыздоо жагын колдоо менен Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан өлкөлөрүндө компьютердик технологияларды өнүктүрүү.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Microsoft, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.