IPad (Айад) – Apple компаниясынын дагы бир технологияларынын акыркы үлгүсү.
Жаңы муундагы планшеттик (клавиатурасы жок, сенсордук) компьютер. Узундугу 25, туурасы 19 сантиметр келген айпаддын алдыңкы бетин толугу менен монитор ээлейт. Сим-карта салып, уюлдук байланышта да колдоно аласыз. Жадакалса сыналгы катары да көрсө болот. Жеңил, ыңгайлуу айпаддан интернетке кирип саякаттап, уюлдук байланыш менен баарлашып, музыка угуп, сүрөткө, видеого тартса болот. Айпад Орусияда 2010-жылдын 10-ноябрынан бери сатылып келет. Баасы 500 доллардан 900 долларга чейин. Айпадды “компьютер технологиялар тармагындагы революция” деп да атап жатышат.
Microsoft компаниясынын башчысы Билл Гейтс айпад жөнүндө: “Менин көз карашымда Айпадда эч кандай деле өзгөчөлүк жок. Бул нерсени Microsoft иштеп чыкса жакшы болмок”,- деп айткан. Бул, албетте, атаандаштын ою.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article IPad, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.