Уганда

Уганда, Уганда Республикасы Чыгыш Африкадагы мамлекет.

Түндүгүнөн Түштүк Судан, батышынан Конго Демокр. Респ., түштүгүнөн Руанда жана Танзания, чыгышынан Кения менен чектешет. Түштүк-чыгышын Виктория көлү чулгайт. Аянты 241,5 миң км2. Калкы 35,1 млн (2014). Борбору - Кампала ш. Адм.-айм. жактан 4 регионго (ал 80 округга) бөлүнөт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 119 киши. Акча бирдиги - уганда шиллинги.
Расмий тили - англис жана суахили тилдери. Шаар калкы 14,8%. Ири шаарлары: Кампала, Жинжа, Мбале, Энтеббе. Мамлекеттик түзүлүшү. Уганда - унитардык мамлекет. Конституциясы 1995-ж. 22-сентябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы - авторитардык президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент (1986жылдан генерал-лейтенант Йовери Мусевени). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент. 2005-жылдан көп партиялуулукка уруксат берилип, алар саясий турмушка аралаша баштады. Парламенттеги негизги саясий партия - Каршылык көрсөтүү кыймылы.

Tабияты

Рельефинде анча терең эмес өрөөндөр менен тилмеленген дөңсөөлүү (1100- 1500 м) түздүк басымдуу. Өлкөнүн батышында - Рувензори тоосу (эн бийик жери 5109 ж, Маргерита чокусу) жайгашкан. Климаты субэкватордук. Эң жылуу айы январдын орт. температурасы 17-24°С, эң салкын айы июлдуку 16-21°С, деңиз деңг. 2000 м бийиктиктерде 0°Сдан төмөн түшкөн учурлар байкалат. Бийиктиги 3500лден жогору болгон тоо капталдарында кар жаайт.

Бийик чокулары мөңгү менен капталган. Бул жерлерде өрөөн жана касаба тибиндеги 40тай чакан мөңгү бар. Жылдык жаан-чачыны 750 лшден 1500 жиге чейин. Ири көлдөрү: Альберт, Кьога, Виктория. Дарыялары Нилдин алабына кирет. Кызыл ферралит, кызыл күрөн (кургак жерлеринде) топурагы басымдуу. Бийик чөптүү саванна басымдуу. Тоолорунда дайыма жашыл токой кездешет. Кен байлыктары: жез, полиметалл, висмут, калай, таш туз ж. б. Улуттук парктары: Рувензори, Каберега.


Tарыхы

У. аймагын байыртадан пигмейлер мекендеген. Б. з. 1-кылымында банту, 11-кылымынд анилоттор жер которуп келишкен. 16-кылымда Уньоро мамлекеттик түзүлүшү, 18-кылымда Буганда феодалдык мамлекети пайда болуп, 19-кылымдын ортосунда Борбордук Африка регионундагы күчтүү, борборлошкон мамлекетке айланган. 1860-ж. азыркы У-нын аймагына европалык (англ., фр.) миссионерлер келе баштаган. 1890-ж. Британия менен Германиянын ортосунда түзүлгөн Гельголанд келишими боюнча Англия У-нын аймагына эркин аракеттерди жүргүзүү укугуна ээ болгон. 1894-ж. ал Англияга протекторат болгон. 1904-жылдан англ. колониячылар У-га пахта, кофе плантацияларын негиздеп, айыл чарба продукцияларын экспорттоо үчүн Виктория көлүнөн Инд океанына чейин т. ж. курушкан. Бүткүл башкаруу органдары англ. бийликтин көзөмөлүндө турган. Экинчи дүйнөлүк согуш убагында У. аскерлери Англия тарапта согушкан. Согуштан кийин У-да антиимпер. күрөш күчөп, 1945-ж. жалпы иш таштоо, 1949-ж. апрель-майда кеңири элдик кыр көрсөтүүлөр болгон. Аларга каршы англ. өкмөт аскер күчүн колдонгон. 1950ж-дын 2-жарымында У-да көптөгөн саясий партиялар пайда болуп, 1952-ж. Улуттук конгресс партиясы (УКП) түзүлгөн. Ал бардык урууларды бириктирүү, өзүн-өзү башкаруу ж. б. талаптарды койгон. 1960-ж. УКП бөлүнүп, анын радикалдык канаты жана У. элдеринин союзу (1958-ж. уюшулган) биригип, Уганда элдик конгресси (УЭК) негизделген. УЭКтин негизги талабы өлкөгө токтоосуз көз карандысыздык берүү болгон. 1962-ж. 9-октябрда У. көз карандысыз федерациялык өлкө, 1967-ж. унитардык республика болуп жарыяланган. 1968-70-ж. экономикада мамлекеттик сектордун өнүгүшүнө багытталган бир нече чаралар (улутташтыруу, колхоздоштуруу ж. б.) жүргүзүлгөн. 1971-ж. аскер төңкөрүшү болуп, бийликке генерал-майор Иди Амин Дада келген. Ал Израил жана Улуу Британия менен дипл. мамилелерин бузуп, араб өлкөлөрү менен достук мамиле түзүп, финансылык колдоолорго ээ болгон. Армиянын санын көбөйтүп, согушгук куралдарды топтогон. Мамлекеттик сектордогу айлык акыларды кыскартып, медицина жана социалдык программаларды каржылоону азайткан. 1979-ж. элдик нааразычылыктар аскердик өкмөттү кулаткан; бийлик У. улуттук-боштондук фронтуна, 1980-ж. май айынан Уганда улуттук-боштондук фронтунун Аскер к-тине өткөн. 1986-ж. Элдик армия бийликке келип, өлкө президенттигине Йовери Мусевени шайланган. 2011-ж. президенттик шайлоодо И. Мусавени кайрадан шайланган. У. 1962-жылдан БУУга мүчө.

Калкы

Өлкөнүн түштүгүндө банту (ганда, сога, ньянколе, чига, гису, ньоро, торо ж. б.), түндүгүндө жана чыгышында нилот (адола, алур, бари, кумам, ланго, тесо, карамоджонг, ачоли ж. б.), түндүк-батышында судан (лугбара, мади ж. б.) элдери отурукташкан. Динге ишенгендери - христиандар (католиктер жана протестанттар).

Чарбасы

Уганда - дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДПнин көлөмү 43,2 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 1,3 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 52,8, өнөр жайдыкы 25,0, айыл чарбаныкы 22,2. У-да 2008-ж. 2,2 млрд кВпг-с электр энергиясы (анын 2/3си ГЭСтен) өндүрүлгөн. Айыл чарба азыктары кайрадан иштетилет. Хим., металл иштетүү, электртех., курулуш материалдар өндүрүштөрү иштейт. Айыл чарбасында дыйканчылык басымдуу. Кофе, чай, тамеки, пахта айдалып, банан, маниок, батат, дан буурчактар, жүгөрү өстүрүлөт. Гүл өстүрүү өнүккөн. Мал чарбасы да бар. Көлдөн балык кармалат. Токой даярдалат. Т. ж-нун уз. (миң км менен) 1,24, автомобилдики 11 (анын 28%тейи асфальтталган). Виктория, Альберт жана Кьога көлдөрүндө кеме жүрөт. Башкы порттору - Энтеббе, Жинда. Айыл чарба азыктары жана балык экспорттолот. Негизги соода шериктештери: Кения, БАЭ, Индия, Кытай, Судан.



Колдонулган адабияттар

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Tags:

Уганда TабиятыУганда TарыхыУганда КалкыУганда ЧарбасыУганда Колдонулган адабияттарУгандаМамлекет

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Этиштин чактарыСоциологияЭлектр-магнит талаасыАкчаЦиститТөрөтЭпикалык текҮнсүз тыбыштарФразеологизмТүгөлбай СыдыкбековНеологизмдерДидактикаЖаз мезгилиМүчөКожомбердиев ТурарЖолон МамытовДрамаБорбордук нерв системасыПедагогикаМамиле категориясыКЫРГЫЗДАРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АЛАРДЫН ТАРЫХЫНАН АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТТАР.Тыныш белгилериУлуттук тилКүн“Балбай” (поэма)ИлбирсКурактык психологияЖусуп МамайСеметейдин Букардан Таласка келишиТерроризмАнатомияЭлектр талаасыБайдылда СарногоевАк кууларКан басымы«Жаңыл Мырза»Аба (атмосфера)Кыргызстандын Орусияга каратылышыАнтонимМутациялык селекцияАвтомобильУлуу Кытай дубалыБүтүн сандарКыргыз Республикасынын БаатырыЖаңыл МырзаСаксонияАтоочтук түрмөкТарбияЖөндөмөКурманжан ДаткаТеократиялык мамлекетЧүй облусуУлуу БританияСот бийлигиЖыл сүрүүАялдардын эл аралык майрамыБилимПрозаБайыркы РимNintendo Entertainment SystemАбанын булганышыИскусствоГеографиялык кабыкДаракКыргызстандын түштүгүндөгү 1871-1876 жылдардагы элдик көтөрүлүштөрКалинин (Кара-Суу району)КойТөл сөзЖыл сүрүү жадыбалыНерв системасыПоэмаТүндүк АмерикаКараханийлер мамлекетиДиалектОрто кылымдарКыргыз тилинин тарыхыКыргызстандын климаты🡆 More