Казактардын Сокбакбай деген, Ыртыштан келген чоң каракчылар болгон.
Ошолордун 15 жигити 3 миң чамалуу жылкыны айдап бараткан жерден 25 жигит жолду тосуп, Эген суусунун жээгинде капчыгайдын оозун бууп, келаткан жылкыларды алып калган. Артта кыргыздар бар да. Ошол жерде чоң чабыш болуп, Сокбакбайдын иниси Капкабай деген аркы өйүздөн сууга кирет. Берки өйүздөн Балбай кирип, суунун ичинде кармашып, Балбай желкеге сол колу менен урган экен. Урганда шар сууда агып кеткен экен. Андан кийин Ормон менен дене салгы беттешкен учурда, жар чакырганда Ормондор, эр Жантөрөнүн, Агыбай баатырдын, Абылмейиз баатырдын айрым дөңгүттөрү менен беттешкен экен Балбай. Орустар келгенде чет менен кошо чиркөө салышкан дайыма. Ысык-көлдө Манасты деген жер бар. Ошол жерге 200 чамалуу кыргызды орустар чокундурганга аракет кылышкан. Балбай ошону уккандан кийин атчан жигиттер менен барып, аттын үстүнөн карабараң менен аткан экен. Иконго тийип огу, поп алтарга кире качыптыр. Ошондон өрттөп жиберишкен. Бала чагынан тайга минип өскөн, атка мыктылыгынан жоокердик майдандарда ар кандай амалы болгон ат үстүндө. Ошон үчүн бул жеңишке көп ээ болгон.
Ошол мезгилдеги оомал-төкмөл замандын курмандыгы болгон Балбай баатырды орус оторчулары теске көнбөгөн өжөрдүгү, көйкашка аракеттери үчүн жазалап мерт кылган. Сөөгү Ысык-Көл облусунун Түп районундагы азыркы Балбай айылына коюлган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article “Балбай” (поэма), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.