Электр-магнит талаасы - материянын электр менен заряддалган бөлүкчөлөрдүн арасындагы түздөн-түз өз ара аракеттешүүлөр ишке ашуучу өзгөчө формасы.
Вакуумдагы Электр-магнит талаасы электр талаасынын чыңалышы жана магниттик индукция В векторлору менен мүнөздөлүп, ал талаа тарабынан кыймылсыз жана кыймылдуу заряддалган бөлүкчөлөргө аракет этүүчү күчтөрдү аныктайт. Чөйрөдө Электр-магнит талаасы кошумча эки жардамчы чоңдук: магнит талаасынын чыңалышы Н жана электр индукциясы D менен да мүнөздөлөт. Электр-магнит талаасын классикалык электрдинамика үйрөтөт; эркин чөйрөдө заряддардын жана токтун бөлүштүрүшүнө байланышкан талааны аныктоого мүмкүндүк берүучү Максеелл тпеңдемелери менен жазылат. Айрым элементардык бөлүкчөлөр түзгөн микроскопиялык Электр-магнит талаасы микроскопиялык талаанын электр талаасынын ё жана магнит талаасынын h жылышы менен мүнөздөлөт. Алардын орточо маанилери Электр-магнит талаасынын макроскопиялык мүнөздөмөлөрү менен төмөнкүдөй байланышкан: e =Е, h= В .
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Электр-магнит талаасы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.