Поэма (гр.-жаратам, чыгарма жазам) – поэзиялык формадагы лирикалык же баяндоо ыкмасында жазылган көлөмдүү чыгарма.
Ал ыр менен жазылган романдан көлөмүнүн кичирээктиги менен айырмаланат. Алгачкы поэмалар байыркы грек адабиятында пайда болуп, белгилүү акындардын дээрлик бардыгы адабияттын бул түрүндө өз күчтөрүн сынап көрүшкөн.Кыргыз элинде да ондогон элдик поэмалар оозеки түрдө ооздон-оозго өтүп узак убактар бою жашап келген. Аларда элдин социалдык абалы бир кыйла кеңири берилген. Элдик төкмө акындардын чыгармачылыгында да поэма негизги орунда турат. Жазма адабияттын пайда болушу менен поэманын активдүүлүгү артып, турмуштун ар түрдүү жактарын терең ачып берүүдө акындар үчүн зор кызмат кылды. А.Токомбаевдин “Өз көзүм менен”, Т.Үмөталиевдин “Айсулуу”, “Кубат”, Ж.Бөкөмбаевдин “Кыздын канаты”, “Ажал менен Ар-намыс”, А.Осмоновдун “Жеңишбек”, “Толубай сынчы”, Ж.Турусбековдун “Энем”, “Каракчынын трагедиясы”, А.Токтомушевдин “Какшаалдан кат”, С.Эралиевдин “Ак-Мөөр”, “Жылдыздарга саякат” поэмаларын атап көрсөтүүгө болот. Поэма өз мазмунуна карай лирикалык, эпикалык, лирика-эпикалык формаларда жазылып жүрөт (к.Лирикалык , Эпикалык тек, Лирикалык-эпикалык жанр).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Поэма, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.