Махатма Ганди: Индиялык саясий жана диний лидери

Ганди Мохандас Карамчанд (1869–1948) – Индиядагы улуттук боштондук кыймылдын лидери, идеологу.

Гандинин окуусу (гандизм) улуттук боштондук күрөштүн программасы болгон. Негизги принциптери: адамдардын ортосундагы мамилелердин чыныгы формасы – сүйүү, бул жашоонун негизги мыйзамы тынчтык жол менен, күч колдонбой күрөшкө кеңири көпчүлүк элди тартуу аркылуу максатка жетүү. Ганди күч колдонууну катуу сынга алып, күч колдонбогон коом жөнүндө концепциясын иштеп чыккан, саясатта жаңы ыкманы – граждандык баш ийбөөнү колдонууга чакырган. Ганди мамлекетти зордук-зомбулуктун биримдигинин формасы деп эсептейт. Бирок адамзаттын азыркы доорунда мамлекет зарыл экендигин танган эмес. Гандинин ою боюнча күч колдонбогон мамлекет кичинекей, өзүн-өзү башкаруучу жана камсыз кылуучу, айылдык коммуналар сыяктуу болуп, анда моралдык жана социалдык мажбурлоо бар, чечимдерди көпчүлүк кабыл алат. Бирок жеке адам же азчылык да өзүлөрүнүн аң-сезимине туура келбеген аракеттерди жасабай, граждандык баш ийбөө жолу менен саясатка каршы ачык күрөшө алат.

Махатма Ганди: Индиялык саясий жана диний лидери
Махатма Ганди


Махатма Ганди: Индиялык саясий жана диний лидери
Ганди Түштүк Африкада (1895)
Махатма Ганди: Индиялык саясий жана диний лидери
Мохандас Ганди жана анын аялы Кастурбай (1902)
Махатма Ганди: Индиялык саясий жана диний лидери
Ганди 1918 жылы


Колдонулган адабияттар

  • Ганди, Мохандас Карамчанд. Өмүр таржымакалым же Чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым тууралуу баян. / Англ. котор. Т. Чоротегин; «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду. – Б.: Аркус бас., 2016. – 240 б., сүрөт. – («Өмүрү өрнөк инсандар» түрмөгү). ISBN 978–9967–27–953–7. (M. K. Gandhi. An Autobiography or The Story of My Experiments with Truth. – Translation from English into Kyrgyz by T. Chorotegin.) – Китептик (вертикалдык) вариант.
  • Ганди, Мохандас Карамчанд. Өз өмүр таржымакалым же Чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым тууралуу баян / Англисчеден которгон Тынчтыкбек Чоротегин; котормонун ред. Т.Абдиев; адабий ред. Ж.Жапиев. – Бишкек: Аркус басмасы, 2016. – 168 бет, сүрөт. – “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгү. – “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду. ISBN 978–9967–27–953-7. (2000 нуска). – Альбомдук (горизонталдык) вариант.
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9

Tags:

ГандизмИндия

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ЖайКыргыз Советтик Социалисттик РеспубликасыМанас эпосундагы образдар«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруХимиялык формулаларТамак сиңирүүДабан мамлекетиКаакымСауд АрабиясыКоррупцияКөкө уулу ЖеңижокАппендицитТабигый кырсыктарКыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышыЖаңыл МырзаКыргызстандын гимниЭсенкожоев КусейинСабат ачууРаев Султан АкимовичСаспаев АманУран (планета)Алымкул ҮсөнбаевМорфологияАстрономияВикипедияЭкологияЭссеДраматургШвейцарияУлуу Кыргыз Дөөлөтү«Жаңыл Мырза»Прокси серверЖердин магнит талаасыАкчаГрамматикаДүйнөлүк диндерЖөндөмө категориясыЫсык-Көл ойдуңуКонфуцийРуханий маданиятЭтиштин чактарыАмерика Кошмо ШтаттарыКыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрүInstagramКыргызстандагы коло дооруАрменияМеркурийИскактын көтөрүлүшү (1873–75)Кыргыз тилиКлеткаСоветбек БайгазиевСөз түркүмүБоорТоголок МолдоСтамов АсанбекДаникеев, ӨскөнЭлектр тогуТүлөбердиев ЧолпонбайМамлекеттик башкарууЖарыкТүркияАлфавитКыргыз Ала-ТооЖазАйгүл гүлү«Манасчылар»Кутадгу билигЖаратылышты коргооФосфорЖукеев ТабылдыМенеджментАбанын булганышыТүштүк АзияЖарандык согушЭлектрМутациялык селекцияАлай району🡆 More