Дарбыз, бүкөн (лат.
Тамыры көп тарамдуу, жерге 1 мден ашык кирет. Сабагы узун, оролуп же төшөлүп өсөт, жалбырагы жазы, айрым жыныстуу. Дарбыз тоголок, сүйрү, жалпак, кабыгы агыш жашыл жана башка; сулпу кызыл, кызгылт, айрымдарыныкы ак, сары. Дарбыздын жапайы, аш жана тоют түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө Төмөнкү Волга бою, Түндүк Кавказ, Украина, Молдавия, Казакстан жана Орто Азия республикаларында өстүрүлөт. Аш дарбызы желет, туздалат, маринаддалат, андан цукат жасалат. Дарбызда 11% кант болот. Тоют дарбызы чоң (салм. 10–15 кг), кант туулугу 2–3%. Жаңы кезинде жана силос түрүндө бардык малга берилет. Дарбыз ысык климаттуу жерде жакшы өсөт, топурактын күрдүүлүгүн анча талап кылбайт. Дарбыз эгилүүчү жер күзүндө айдалат (25–27 см тереңдикте), эрте жазда малаланып, эки жолу культивацияланат. Кыргызстанда эгилүүчү дарбыз сорттору: Жеңүүчү, Мрамор, Мелитополь, Десерт жана башка.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дарбыз, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.