Айлана — борбор деп аталуучу кандайдыр бир О чекиттен бардык чекиттери бирдей алыстыкта жаткан тегиздиктеги (жалпак) туюк ийри сызык.
Айлананын ар бир чекитинен О борборуна чейинки аралык — радиус, айлананын эки чекити аркылуу өтүүчү түз сызык — кесүүчү, ал эми айлананын ар кандай эки чекитин туташтыруучу кесинди — хорда, борбору аркылуу өтүүчү хорда — диаметр, хорда менен чектелген айлананын бөлүгү жаа деп аталат. Айлананын узундугунун өз диаметрине болгон катышы ар кандай айланалар үчүн турактуу чоңдук болот. Ал C/D= π =3,14159... саны менен туюнтулат. [[Декарттык координаталар системасы|Декарттык координаталар системасында]] борбору (а, b) чекити болгон R радиустуу айлананын теңдемеси (х - а)2+ (у - b)2=R2 борбору (0, 0) чекити болсо x2 +у2 = R2 түрүндө жазылат. Айлана — экинчи тартиптеги сызык. Тегиздиктин айлана менен чектелген бөлүгү тегерек деп аталат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Айлана (математика), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.