Кытай Тили

Кытай тили — кытайлардын тили; КЭРдин расмий тили.

Тибет тилдеринин тобуна кирет. Кытай тилинде Тайвань, Сингапур, Индонезия, Лаос, Вьетнам, Бирма, Таиланд, Малайзия кытайлары сүйлөшөт. Кытай тили 7 негизги диалектилик топко бөлүнөт: түндүк, у, сян, гань, хакка, юэ, минь. Диалектилеринде тыбыштык айырма чоң болгондуктан, алардын өкүлдөрү бири-бирин түшүнүүсү кыйын же түшүнүшпөйт. Бирок диалектилердин грамматикалык түзүлүшү, негизги курамы бир. Байыркы кытай жазма даректери биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын 2-жарымында пайда болгон деп болжолдонот. Байыркы адабий эстелиги — «Шудзинг» («Тарых китеби») жана «Шидзинг» («Ыр китеби»). Байыркы кытай адабий тили (веньян) ошол кездеги диалектилердин негизинде түзүлгөн. Ал ар кандай өзгөртүүлөр менен 20-кылымга чейин колдонулган. Биздин замандын 1-миң жылдыгынын башында жазма тилдин жаңы үлгүсү — байхуа (жөнөкөй, түшүнүктүү тил) пайда болгон. Байхуа жалпы элдик кытай тилине негиз болуп, путунхуа (жалпыга түшүнүктүү тил) аталган. 20-кылымдын 1-жарымында путунхуа веньянды сүрүп чыгарып, кытайдын улуттук адабий тилине айланган. Анын фонетикалык нормасы катары Пекин говору алынган. Байхуанын колдонулушу менен кытай тилинде эки муундуу сөздөр көбөйгөн жана сөз, форма жасоочу аффикстер, жөнөкөй муундуу сөздөр пайда болгон. Путунхуада 414 муун, 4 түрдүү тон бар; ар бир муун 2ден 4кө чейинки вариантка ээ. Кытай тилинде башка тилдерден түз кабыл алуу болбосо да, семантика, калька жолу менен кабыл алуу ыгы колдонулат. Аффикстери анча көп эмес, алар агглютинация жолу менен жалганат. Кытай тили БУУнун расмий жана жумушчу тилдеринин бири болуп эсептелет. Жазуусуна иероглифтер пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар

Tags:

ВьетнамИндонезияКытайЛаосМалайзияМьянмаСингапурТайваньТайландТибет

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Атакенин ак болотуЖыл мезгилдериИманалиев Элмирбек КалиловичАтом физикасыМыйзам (укук)Кыргызстандын мамлекеттик тилиКөгүчкөнИч өткөкТопурак эрозиясыКаныбекИндустриялаштырууКитепБелокТабиятХимиялык элементКосмосАжар (повесть)ТиричиликАрстанбапДрамаГеографияКол өнөрчүлүкНерв тутумуРефератЖусуп БаласагынҮндүү тыбыштар«Жаңыл Мырза»Жасалма интеллект деген эмне?ГалогендерАсан КайгыНатуралдык санКаада-салт ырларыКыргыз элинин көркөм өнөрчүлүгүСолтоноев Белек Солтонкелди уулуАк кеме (чыгарма)Муун (лингвистика)Тууранды сөзКыргызстан тарыхыБөйрөк оорусуСабатсыздыкты жоюуКыргызстандын географиясыКошожашБарпы Алыкул уулуПублицистикаЫсык-Көл облусуАюуКомпьютердик тармакКомпьютерТүштүк КореяКислоталар жана негиздерӨнөр жай роботуБийликКыргызстандагы шамал режимиАбдылас МалдыбаевМамлекеттердин тизмесиМанас эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантыАдеп тарбиясыАпта күндөрүАт атоочМуктар Ауэзов«Манасты» жыйнооЖалал-АбадБөйрөкКененсарынын чапкыныКомузСПИДКеңеш ЖусуповБүткүл дүйнөлүк желеБайламтаМенеджментКыргыз киносуМаркетингПолот ханТүндүк АмерикаМенингитСезүү мүчөлөрүКара-Кулжа району🡆 More