Манасаровар көлү (Mapam Yumco) (Санскритте: मानस सरोवर Тибет: མ་ཕམ་གཡུ་མཚོ།, Wylie: ma-pham g.yu-mtsho, ZYPY: Mapam Yumco; жөнөкөйлөштүрүлгөн кытай тили: 玛旁雍错; кадимки кытай тили: 瑪旁雍錯; башкача айтылышы Mapam Yum Co, Mapham Yu Tso), же Манаса Саровар/Манас көлү, Кытай Республикасынын Тибет автономдуу аймагында, анын борбору Лхаса шаарынан (англ.
Lhasa) 940 клм. аралыкта жаткан тузсуз көл. Чыгышында Ракшастал көлү, түндүгүндө Кайлас тоосу жайгашкан.
Манас көлү (Манасаровар), मानस सरोवर, Mapam Yumco | |
---|---|
жайгашкан жери | Тибет автоном округу, Кытай |
координаттары | HGЯO |
Чарасынын аянты | 420 км² |
Эң терең жери | 90 м |
жээгинин узундугу1 | 88 км |
Деңиз деңгээлинен бийиктиги | 4590 м |
Манас көлү (Манасаровар), मानस सरोवर, Mapam Yumco Уикиказынада |
Манас көлү деңиз деңгээлинен 4590 метр бийиктикте жатат жана дүйнөдөгү эң бийик тузсуз көлдөрдүн бири. Бийик тоолуу Тибет платосундагы белгилүү болгон туздуу көлдөрдүн арасындагы жайгашкан чоң тузсуз көл. Мурун тескериси маалым болуп келгендигине карабастан жер жүзүндө жүздөгөн бийик тоолуу тузсуз көлдөр бар. Алардын ичинде Тибет платосунун ыраакы-чыгышында (координаты: 33-24N 90-17E), деңиз деңгээлинен 4941 метр бийиктикте жаткан аянты - 495км2 болгон Ангпа-Тсо тузсуз көлү бар. Көлөмү - 290км2, 5018 метрге бийиктикте жаткан тузсуз көл Пумуонг Тсо дагы Тибет платосунда жайгашкан, координаты (28-34N 90-24E) .
Манасаровар көлүнүн айланасынын узундугу 88 километр. Эң терең жери 90 метрге чейин жетет (шилтеме керек) жана анын аянты 320 чарчы километр. Ал жанында жайгашкан Ракшастал көлү менен Ганга Чу дарыясы аркылуу байланышып турат . Манас көлүнө жакын жерде Инд дарыясынын чыгыштагы эң ири куймасы Сутлеж дарыясы башат алат. Ошондой эле, Брахмапутра, Инд, Гхагхара дарыялары жана Ганг дарыясынын чоң куймалары башат алышат.
Индуизм кудай таануусунда Манаса Саровар аруулуктун башаты жана андан суу ичкен адам өлгөндөн кийин Шива кудайынын турагынан орун табат. Ал адамдын бүт күнөөлөрү, керек болсо жүз жолку жашоосунда топтолгон күнөөлөрү жуулат.
Улуу Кайлас тоосу сымал, Манас көлү дагы Индия, Непал, Тибеттен диний саякатчылар өзүнө тарткан зыяратчылардын ордосу. Манас көлүнө чайкануу жана анын суусун ичүү күнөөлөрдү толугу менен жууйт деген ишеним бар. Зыяратчылардын топтору, өзгөчө Индиядан, дайыма уюштурулуп турат, алардын ичине эң атактуусу, жыл сайын уюштурулуучу Кайлас Манаса Саровар Йатра (Kailash Manasa Sarovar Yatra). Зыяратчылар көлдүн суусуна түшүү каадасын аткарышат.
Манасаровар көлү зыяратчыларга Азиядагы эң улуу дарыялардын, атап айтканда: Брахмапутра, Карнали, Инд жана Сутлеждин башатына жакын жаткандыгы менен көптөгөн убакыт бою таасир берип келет. Бул өзөктүк көз караш миңдеген жылдар бою миңдеген зыяратчылардын тартып келет. Аймак 1949 – 1982 жж. сырттан кирүүгө жабык болгон. 1980 ж. кийин гана индус зыяратчыларына кайрадан жол ачылган.
Индус динине ылайык Манас көлү Брахма Кудайдын акыл-эсинде жаралып, кийин гана Жерде пайда болгон. Санскритте “Манас саровар” аталышы “манас” – акыл-эс жана “саровара” көл сөздөрүнүн түшүндүрөт. Манас көлү индус динин ишенимдерине ылайык Хамса каздын жайкы туругу. Ыйык саналган Хамса субконтиненттин белгилик (символдук) мейкиндигинде даанышмандыктын жана сулуулуктун пири катары кабылданат.
Буддачылыкта санскритте Анаватапта, палиде Анотатта аталат жана Каныша Майанын боюна Будданын бүткөн жери катары эсептелет. Көлдүн жээгинде көптөгөн курулдар (кечилканалар) бар, алардын ичинен эң көрүнүктүүсү жана байыркысы - Чиу-Гомпа. Курул асканын тик бетинде жайгашкан жана аскага казылган үнкүр сымал көрүнөт. Манас көлү Буддачылыкта көптөгөн насааттарда жана окуяларда эскерилет. Будда көл жээгинде токтоп бир нече маанилүү учурларда медитация кылганы жазылып калган. Бурканчылардын айтуусу боюнча атактуу Утуру-куру (Uturu-kuru) кудайлар турагы Анаватаптанын жанында болгон. Бирок Утуру-курул Курил аралдары болгондугун көптөгөн далилдер айтып бер алат. Санскритте Утуру-куру түндүк кишиси дегенди билдирет, айну тилинде кур – киши.
Жайнычылыкта Кайлас Манасаровар көлү биринчи тиртханкарп Шри Рушабхдев ( Shree Rushabhdev) менен байланыштырылат. Кайластын жанындагы Аштапад тоосу Рушабхдевжи Мокшуга (Нирванага) шакирттери менен жеткен жери деп эсептелинет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Манасаровар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.