Гомер (англ.
"Илиада" Троя согушундагы окуяларды чагылдырат. Анда грек мамлекеттеринин биримдиги тарабынан Троя шаары он жыл курчоого алынганы баяндалат. Чыгарма падыша Агамемнон менен согушкер Ахиллестин ортосундагы кармаштын акыркы жылындагы бир нече аптага созулган салгылашка басым жасайт. "Одиссея" болсо Троя кулагандан кийин Итаканын падышасы Одиссейдин үйүнө болгон сапарына токтолот.
Гомердин жашоосу тууралуу көптөгөн жазмалар байыркы классикалык доордо тараган. Эң кеңири жайылганы анын азыркы Түркиянын борбордук Анатолия жээктериндеги Иония жергесинен сокур акын болгонун белгилейт. Учурдагы илимий изилдөөлөр бул тарыхый маалыматтар тек гана уламыштар деп эсептешет.
"Илиада" менен "Одиссея" ким тарабынан, качан жана кандай шарттарда жазылган деген "Гомердик суроо" ушул күнгө чейин талаш-талкуу жаратып келет. Жалпы жонунан алганда, заманбап илимий пикир эки топко бөлүнүп кетет. Биринчи топтогулар "Илиада" менен (кээ бирине ылайык) "Одиссеянын" көпчүлүгү бир акындын интеллектуалдык эмгеги деген гипотезаны жакташат. Башка топтогулар Гомердик поэмаларды көптөгөн кишилердин салымы менен кайра-кайра иштөөнүн натыйжасында жаралган эмгек деп эсептешет. Ал эми "Гомер" жалпы тарыхый маалыматтардын арасында эң көзгө урунган жүз болуп саналат. Жалпысынан алып караганда ыр саптары биздин заманга чейин болжолдуу түрдө 8-кылымдын аягында же 7-кылымдын башында жазылган деп кабыл алынган көз караш бар. Поэмалар эпикалык грек тили катары да таанымал болгон гомердик грек тилинде жазылган. Бул тил ар кайсы кылымдардагы иониялык жана эолиялык диалекттердин өзгөчөлүктөрүнүн аралашмасынан куралган адабий тил болуп саналат; басымдуу түрдө Чыгыш Иония тили таасир эткен. Көпчүлүк изилдөөчүлөр ыр саптары алгач оозеки түрдө айтылган деп ишенишет.
Байыркы доордон ушул күнгө чейин Гомердин эпикалык чыгармалары адабият, музыка, көркөм өнөр жана тасмалардын жаралышына дем берип, Батыш цивилизациясына зор таасир тийгизген. Гомердин эпостору байыркы грек маданияты менен билим берүүсүнө эбегейсиз зор таасирие берген; Платон үчүн Гомер жөн гана "Грецияны окуткан" бир киши — en Hellada pepaideuken болгон.
== Чыгармалары =Илиеда=Одиссея
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Гомер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.