Брижтаун – Барбадос мамлекетинин борбор шаары.
Атлантика океанынын жээгинде, Барбадос аралынын түштүк-батышында жайгашкан. Өлкөнүн башкы порту. Калкы 98,7 миң (2006). Эл аралык аэропорту, тамак-аш, жеңил өнөр жайы бар. 17-кылымда негизделген. Илимий жана искусство колледжи (университеттин астында), калк китепканасы, галерея, музей иштейт. Өкмөт (18-кылымдын аягы) жана парламент үйү, Ж. Вашингтондун үйү (1751), Ыйык Михаил собору, театры менен Королдун паркы бар. Трафальгар гүлбак аянтында адмирал Г. Нельсонго эстелик тургузулган. Сыртка кант, патока, ром чыгарылат. Курорт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бриджтаун, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.