Жюль Габриэль Верн - (8.2.1828, Франция, Нант 24.3.1905, Амьен) француз жазуучусу, коомдук ишмер, илимий-фантастикалык роман жанрын баштоочулардын бири.
Адабий чыгармачылыгын 1849-ж. пьеса жазуудан баштаган. Анын «Аба шарында өткөн беш жума» аттуу туңгуч романы 1863-ж. жарык көргөн. Ал 65тен ашык илимий фантастикалык, социалдык-сатиралык роман, повесть-аңгемелерди, географиялык изилдөөлөрдүн тарыхы боюнча эмгектерди жазган. Жазуучунун «Суу асты менен 20 000 км» (1869-70), «Капитан Гранттын балдары» (1867-68), «Сырдуу арал» (1875) ж. б. чыгармалары кыргыз тилине да которулган. Айдын аркы бетиндеги кратер анын ысмынан аталат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жюль Верн, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.