Кеңкол суусу – Талас дарыясынын оң куймасы.
Талас районунун аймагында. Узундугу 35 км. Алабынын аянты 406 км2, орточо бийикт. 2540 м. Кыргыз АлаТоосунун батышындагы Башкы-Суу ашуусунан башталып, негизги кырка тоо жана ага жарыш жаткан түштүк тармагы – Кара-Жылга тоосунун ортосу жана агат. Кара-Жылга тоосу жак өндүрү тик. Өрөөнү тепши сымал. Ири куймалары: Ботом-Чал, Жошо, Чокой, Терек, Чачыкей, Коргон-Таш. Көп жылдык орточо чыгымы 2,39 м3/сек, эң көбү 4,14 м3/сек, эң азы 0,77 м3/сек. Суу май – июнь айларында кирип, августта тартыла баштайт. Жаан-чачындан гана куралган суу. Талас өрөөнүнө чыккандан кийин 4 сугат каналына бөлүнөт. Боюнда Таш-Арык, Орто-Арык, АкЖар кыш. жана Манастын күмбөзү жайгашкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кеңкол суусу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.