Конституциялык укук – 1) укуктун коомдук фундаменталдык мамилелерди жөнгө салуучу негизги тармагы.
Ал: а) мамлекеттин конституциялык (коомдук) түзүлүшүн, мамлекетте бийликти ишке ашыруунун тариздерин жана ыкмаларын; б) инсандын укуктук абалынын негиздерин; в) мамлекеттик түзүлүштү, б. а. мамлекеттин аймактык уюштурулушун; г) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн тартибин, уюштуруунун жана ишмердигинин принциптерин камтыйт. КР жана башка айрым өлкөлөрдө бул тармакты белгилөө үчүн «мамлекеттик укук» аталгысы колдонулат. Башкаруунун республикалык таризи, элдик эгемендүүлүк, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин артыкчылыгы жана бузулгустугу, бийлик бутактарынын бөлүнүшү КР К. у-тун негизги принциптери болуп саналат. КР Конституциясы КРде К. у-тун негизги булагы болуп саналат. К. у. ошондой эле укук илимдеринин жана окутуу сабактарынын бири; 2) конституцияда бекемделген субъективдүү укук (билим алууга, эс алууга ж. б. укуктуулук).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Конституциялык укук, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.