Француз тили (французча: Français, le français, la langue française) — Франциянын расмий тили.
Француздар менен бирге Бельгия, Швейцария, Люксембург, Канада мамлекеттериндеги французча сүйлөгөн калктардын расмий тили. Ошондой эле француз тили Африканын көп сандагы мамлекеттеринде, Кариб бассейнинде (Гаити ж.б.у.с.), Француз Гвианасында колдонулат.
Француз тили индоевропалык тил тайпасынын роман тобуна кирет. Бул тилдин башаты латын болгону м-н өнүгүп-өсүп олтуруп, роман тобуна кирген башка тилдерге салыштырмалуу абдан эле түпкү тилинен алыстап кеткен. Жазуусу латын алфавитине негизделет.
Француз тили БУУнун 6 расмий кызмат тилинин бирөөсү болуп эсептелет. 2000-жылдагы маалыматка караганда французча сүйлөгөндөрдүн саны 100 млн. адамды түзөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Француз тили, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.