Лейкоциттер, кандын ак бүртүктөрү — кандын түссүз, ядролуу клеткалары.
Омурткасыздардын канындагы Лейкоциттерге окшош клеткалар амёбоциттер деп аталат. Түзүлүшү жанa функциялык бөтөнчөлүктөрү боюнча Лейкоциттер бир нече түргө ажыратылат. Цитоплазмасы тунук Лейкоциттер— агранулоциттер (лимфоциттер, моноциттер), цитоплазмасы чыбырчыктаган Лейкоциттер гранулоциттер (ба- зофилдер, эозинофилдер жанa нейтрофилдер) деп аталат. Булар амёба сымал жылып, кан тамырлардын сыртына оңой эле чыга алышат. Организмдин жабыркаган жерине Лейкоциттер көп чогулат. Анткени булар организмде ооруга, дартка дуушар кылган микробдорду эритип, дарттан, сезгенчтен ж. б. патол. факторлордун кесепетинен бузулган ткандардын, клеткалардын тарпын «жеп» зыяндуу жана керексиз заттардан тазалап, организмдин батырак сакайышына шарт түзүшөт.
Гранулоциттер көбүнчө жиликтин кемигинде, чучугунда пайда болот. Дени соо кишинин 1 мм3 канында орто эсеп менен 6000—8000 Лейкоциттер болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Лейкоциттер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.