Көлөмүнө жараша кичине, орточо жанa чоң болуп бөлүнөт. Булар лимфоиддүү ткандарда (лимфа бездеринде) жаралып. лимфа менен кошо канга келишет.
Амёба сымал жылып, кан тамырлардын сыртына чыгып, ткандардын арасында «тентип» да жүрүшөт. Ошондуктан «тентиме клеткалар» деп да аталат.
Лимфоциттер организмде сезгенүү процесстери пайда болгондо фагоцитозго катышат, кемтиктерди жамоого,бүтөөгө жардамчы болушат. Лимфоциттер организмде иммунитеттин жаралышына да катышат. 30 күнчө жашайт.
Лимфоциттерддин ургундай көпчүлүгү кан тамырларга чыгып, ичеги-карын көңдөйүно келип өлөт.
Дени соо, жетилген кишиде Лимфоциттердин саны лейкоциттердин 20—25%ин түзөт.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Лимфоциттер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses. ®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.