Патология — теориялык жана клиникалык медицинанын патологиялык процесстерди жана абалдарды, айрым оорунун себептерин, өөрчүү закон ченемин, өтүшүн изилдөөчү бөлүгү.
Ал патологиялык анатомия жана патологиялык физиология болуп бөлүнөт.
Патологиялык анатомия түрдүү оорудан орган жана ткандардын түзүлүшүндө болуучу өзгөрүүлөрдү изилдейт. Мында оорулуудан хирургиялык операция убагында алынып ташталган орган, ткань, ошондой эле өлүктү (сөөктү) союп көрүп изилдөө объектиси болуп эсептелет.
Патологиялык физиология организмде патологиялык процесстердин өөрчүү мыйзам ченемин, функциялык бузулушун, өтүшүн жана организмдин коргонуу жана ыңгайлануу реакциясын көбүнчө жаныбарларга эксперимент жасап изилдейт.
Кесиптик Патология өндүрүштөгү зыяндуу факторлордун организмге, географиялык Патология оорулардын өөрчүшүнө географиялык шарттардын тийгизген таасирин изилдейт.
Нормадан ар кандай четтөө да Патология деп аталат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Патология, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.