Физиология

Физиология (грек.φύσις — жаратылыш жана λόγος — окуу) — Организмде болуп жаткан баардык процесстерди окутуучу илим болуп саналат.

Физиология табигый илимдердин бирден бир дисциплинасы катары толук организмди же андагы болуп жаткан жалпы физиологиялык процесстерди (органдар) же болбосо ар бир процессти өзүнчө изилдеп келет. Илимдин синтетикалык аймагы катары, физиология организмде болуп жаткан баардык процесстердин закон ченемдүүлүктөрүн, айлана чөйрө менен болгон карым катнаштагы өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзөт.
Физиология эки багытты изилдейт: өсүмдүктөрдүн физиологиясын жана адамдын жана жаныбарлардын физиологиясын.
Физиология — кишинин жана жаныбарлардын тиричилик аракетиндеги айрым процесстерди жана механизмдерди изилдөө менен бүтүндөй организмдин иштөөсүн түшүндүрүүчү биологиялык илим. Башка биологиялык илимдер (биофизика, биохимия, генетика жана башкалар) менен бирдикте медициналык илимдердин теориялык негизин түзөт. Ал кадимки жана патологиялык физиология болуп бөлүнөт. Кадимки физиология соо организмдин ишин, патологиялык физиология тигил же бул оорунун пайда болушуна алып келген процесстердин өөрчүү закон ченемин изилдейт. Кадимки физиология жалпы, салыштырма жана атайын физиология болуп да бөлүнөт. Атайын физиологияга жаныбарлардын физиологиясы, эмгек, спорт, космос физиологиясы жана башкалар кирет.

Колдонулган адабият

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

ИлимОрганизмПроцессӨсүмдүктөрдүн физиологиясы

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жаңыл МырзаСары-ЧелекДем алуу системасыКызыл китепИталияМанастын күмбөзүОсмоналиев КачкынбайЖаратылышты коргооАндрон маданиятыЖер-суу реформаларыӨтмө мааниМарт окуясы (2005)МыйзамЭмгекНептунТалас облусуСырдык сөзКурманбек эпосуАрхитектураОрозбак уулу СагымбайАсан КайгыАлп СолТоо-кен өнөр жайыКедейкан (эпос)Унитардык мамлекетЖазУбакытЫсык-КөлКазатМанасЫсык-Көл мамлекеттик коругуАмир ТемирНерв тутумуСинтаксисСатурнКыргыз тилинин грамматикасыЫкташууМамлекеттердин тизмесиАтом ядросуКытай кыргыздарыКыргызстандагы таш дооруОозул (стоматит)Жарандык укукЖер атмосферасыЗаманачы акындарКыргызстандын Орусияга каратылышыКудайлар тууралуу мифтерШүкүрбеков РайканЫктымалдуулук теориясыОрмон ханОрозов КарамолдоАк Мөөр (поэма)Ишеним катКыргызстандын тышкы саясатыПсихологияТамеки чегүүАлымбек даткаКыргыз улуттук опера жана балет театрыИманалиев Элмирбек Калилович«Манасты» жыйнооСадыр ЖапаровТоп жылдызТаң алдында (роман)Кайра курууАба (атмосфера)БиоценозТоо арасында (роман)Кокон көтөрүлүштөрүЧернобыль авариясыЧүйлүк Таластык кыргыздар 19-кылымБаш мүчөКыргызстан алтын кендериСөөк системасыТажикстанHTMLДыйканчылыкКамсыздандырууҮй-бүлө🡆 More