Кук аралдары (англ. Cook Islands) — Тынч океандын борбордук бөлүгүндөгү архипелаг.
Полинезияда. Жаңы Зеландия менен эркин ассоциациядагы «өзүн-өзү башкарган аймак». Архипелаг 15 аралды камтып, эки топко (Түштүк жана Түндүк) бөлүнөт. Ири аралдары: Раротонга, Мангаиа, Пенрин, Ракаханга, Манихики, Дейнжер, Суворов ж. б. жанар тоонун аракетинен пайда болуп, бийиктиги 652 м.
Кук Аралдары | |
---|---|
|
Аянты 236,7 км2. Калкы 19,8 миң (2009); негизинен полинезиялыктар жана маорилер жашайт. Расмий тили — кук (аралда жашаган маорилердин тили) жана англис тилдери. администрациялык борбору — Аваруа (калкы 12,9 миң; Раротонга аралында). Акча бирдиги — Жаңы Зеландия доллары. Аралдын башчысы — Улуу Британия королевасы. Аралда Жаңы Зеландия өкмөтүнүн өкүлү да бар. Мыйзам чыгаруучу органы — парламент (Өкүлдөр палатасы).
Климаты тропиктик пассаттык, нымдуу. Жылдык орточо температурасы 24°Сден (түштүгүндө) 28°Сге чейин (түндүгүндө). Жылдык жаан-чачынын саны 2000 мм. Ноябрдан апрелге чейин тайфундар болуп турат. Өсүмдүктөрү адамдардын таасиринен өзгөргөн. Раротонга жана Мангаиа анда нымдуу дайыма жашыл тропик токойлору сакталган. Кокос пальмасы, цитрус өсүмдүктөрү, ананас, банан, жашылча ж. б.өстүрүлөт. Орнитофаунага бай. Аралда эндемик 4 куштун түрү мекендейт.
Аралга 6-кылымдын башынан полинезиялыктар отурукташа баштаган. Алгач аралды ачкандардын арасында орус деңиз сүзүүчүлөрү да болгон. Алар архипелагдагы бир атоллго Суворовдун ысмын ыйгарышкан. 1888-жылдан Улуу Британия протектораты. 1901-жылы Кук аралдары Жаңы Зеландияга кошулуп, 1965-жылы өз ыктыяры менен Жаңы Зеландияга бириккен. 1971-жылдан арал өз алдынча эл аралык укукка ээ субъект катары Тынч океан аралдары форумуна мүчө. 1974-жылы Жаңы Зеландияда Кук аралынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгү ачылып, ал 1985-жылы элчилик болгон. 1987-жылы аралдын өкмөтүнө бейтараптыкты сактоо милдеттендирилген. Кук аралы БУУга мүчө болбогону менен анын атайын уюмдарына кирет.
Кийим тигүү, мөмө-жемиш консервалары, аррорут (крахмал) даярдоо өндүрүшү иштейт. Белек-бечкектерди чыгарат. Кара бермет, ташбака чопкуту чогултулат. Балык кармалат. Мейманкана жана туризм окуу борбору, Түштүк Тынч океан университетинин филиалы (Раротонга аралында) бар. Туризм өнүккөн. Сырттан азык-түлүк, отун ж. б. алат. Башкы соода шериктештери: Жаңы Зеландия, Австралия, Япония.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кук аралдары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.