Коби Бин Брайант - (англ.
Kobe Bean Bryant; 23 августа 1978, Филадельфия, Пенсильвания, АКШ — 26 январда 2020, Калабасас, Калифорния, АКШ) - америкалык баскетбол оюнчусу, Националдык баскетбол ассоциациясында «Лос-Анджелес Лейкерс» командада жыйырма сезон ойноп чыкты. Националдык баскетбол ассоциацияга биринчи жолу ,мектептен, 1996-жылдагы драфттан келген. Ушул драфтта 13-номер болуп «Шарлотт Хорнетс» деген командага кирген. НБАнын бүт сезондордун убакытында беш жолу чемпион болгон.18 жолу жылдыздардын матчында ойногон, 15 жолу жылдыздардын сборныйга жана 12 жолку коргонуу командасына кирген.Ал АКШнын курама командасынын курамында эки жолу олимпиадалык алтын утуп алган.2016-жылдын 14-апрелинде ал НБАдан ардактуу эс алууга чыккан.2018-жылы "Улуу баскетбол" тасмасы үчүн "Мыкты кыска метраждуу анимациялык тасма" номинациясында "Оскар" сыйлыгын алган.
Коби Брайант | |
Kobe Bryant (англисче) | |
[[Файл:|300px]] | |
Жеке маалыматы | |
---|---|
Жынысы | эркек |
Нукура ысымы | Kobe Bryant (англисче) |
Жарандыгы | |
Чеберчилиги | |
Клубу | 1996—2016 АКШЛос-Анжелес Лейкерс |
Төрөлгөн жери | Филадельфия, Пенсильвания, АКШ |
Өлгөн датасы | 26 -январь 2020 |
Өлгөн жери | Калабасас, Лос-Анжелес, Калифорния, АКШ |
Спорттук карьерасы | 2019- а.у. |
Бою | 198 см |
Салмагы | 96 кг |
| |
Kobe Bryant |
Балалык жана жаштык - Брайант Филадельфияда төрөлгөн ,үч баланын эң кичүүсү.НБАнын мурдагы оюнчусу Джо Брайант менен Памела Кокс Брайанттын уулу.Кобинин атасы Джо Брайант уулу 6 жашында Италияга көчүп барган.Ошондуктан Коби италия жана испан тилдеринде эркин сүйлөй баштаган.Коби Европада жашап жүргөндө Миланга колдоо көрсөтүп, футболго да кызыгып жүргөн. Брайант эгер ал Европада калганда футболчу болууга аракет кылмак деп мойнуна алган.1991-жылы Джо оюндан чыгып, үй-бүлөсү менен АКШга кайтып келген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Коби Брайант, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.