Лос-Анжелес шаары (англ. Los-Angeles, LA) — АКШнын түштүгүндөгү ири порт шаар (жылына 25 млн т жүк ташылат).
Калифорния штатынынын Тынч океандын жээгинде жайгашкан.
Лос Анжелес | |||
англ. Los Angeles | |||
Лос-Анжелес түнчүндө. | |||
| |||
Өлкө | |||
---|---|---|---|
Облус | |||
If: | Лос Анжелес | ||
Мэр | Карен Басс | ||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Негизделген күнү | 1781 | ||
Аянты | 1301,97 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны | ▼ 3 849 297 (2020) | ||
Жыштыгы | 2963,0 адам/км2 | ||
Агломерациясы | 17 775 322 | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы | -8 | ||
Телефон коду | 213, 310, 323, 424, 661, 818 | ||
http://www.lacity.org/ |
Калкы 3,9 млн (2010; Чоң Анжелестики шаар айланасы менен 13 млн). Шаар түндүктөн түштүктү карай 80 кмге созулуп жатат. Эл аралык аэропорту бар. АКШнын батышындагы башкы экономикалык борбор. Авиа-космос, радиоэлектроника, машина куруу, аскер, химия, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Шаардын аймагынан нефть казылып алынат. Кино өнөр жайынын жана видео бизнестин (Голливуд) башкы жана илимий-изилдөөнүн ири борбору. Үч университет (анын ичинде Түштүк Калифорния), музейлер (анын ичинде Лос-Анжелес графтыгынын табигый тарыхы жана искусствосу жана башка) бар. Шаарды суу менен камсыз кылуу үчүн Оуэн көлүнөн жана Колорадо дарыясынан суу алынат. Лос-Анжелесте X, XXIII олимпиа оюндары (1932, 1984) өткөрүлгөн. Шаардын четинде деңиздик климаттык курорт жайгашкан. 1781-ж. испандар тарабынан негизделген. 1848-ж. чейин Мексиканын курамында болгон. Туризм өнүккөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Лос-Анжелес, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.