The Doors – 1960-жылдары музыкасы менен Американын маданиятына жана искусствосуна терең таасир тийгизген америкалык рок тобу.
Топ 1965-жылы Лос-Анжелес шаарында түзүлгөн. Башкы вокалист Джим Моррисондун табышмактуу ырлары аны ошол мезгилдеги эң популярдуу жана карама-каршылыктуу топтордун катарына кошту. 1971-жыл убактылуу ыдырагандан кийин дагы топтун популярдуулугу басаңдаган жок. Жалпысынан, топ Америка Кошмо Штаттарында 32 500 500 альбом саткан. Топ дүйнө жүзү боюнча 100 миллиондон ашык альбом саткан. The Doors катары менен 8 алтын альбому бар биринчи америкалык топ болду. 1993-жылы топ Рок-н-Роллдун Даңк Холлуна кошулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article The Doors, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.