Голливуд, Xолливуд – Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарындагы америкалык кинематография борбору.
1908-ж. Калифорнияга «Граф Монте-Кристо» фильминин натуралык көрүнүштөрүн тартуу үчүн У. Зелигдин Ч икагодогу фирмасынын анча чоң эмес тобу келет. 20-кылымдын башталышында бул штатка киноаппаратурага берилген патенттин негизинде өлкөдөгү фильмдерди тартууну жана көрсөтүүнү монополизациялаштырып алган Т. А. Эдисондун Нью-Йорктогу «Моушн пикчерс пейтентс компани» («МИПК») компаниясы менен соттошуудан чочуган көптөгөн майда кино ишкерлер өтө баштайт. Акырындап ага кинорежиссёрлор, актёрлор, техникалык кызматкерлер келишип, кино өнөр жайынын өндүрүштүк базасы курулган. 1911-ж. мында алгачкы киностудия түзүлгөн. 1915-ж. «МИПКнын» монополиясы жоюлгандан кийин деле Голливуд АКШнын кино өнөр жайынын борбору болуп кала берген. 20-кылымдын 30-жылдарынын 2-жарымында 8 ири фирма («Метро-Голдвин-Майер», «Парамаунт», «20-кылым фокс», «Коламбия», «РКО-Радио», «Уорнер бразерс», «Юниверсал», «Юнайтед артистс») жылына 500дөн ашуун фильм тарткан, 40-жылдардын башында алдыңкы режиссёрлор социалдык курч маселелерге арналган фильмдерди коё баштаган. Голливуддан көптөгөн атактуу кино актёрлор, кинорежиссёрлор чыгып, дүйнөлүк кино искусствосун байытууга зор салым кошушкан. «Кино жылдызы» деген түшүнүк ошол жерде пайда болгон. Голливудда 20-кылымдын 90-жылдарында Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестинин негизинде фильм тартылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Голливуд, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.