Организмди курчап турган жана аны менен тынымсыз карым катнашта болгон жансыз (абиотикалык) жана жандуу (биотикалык) шарттарынын жыйындысы организмдин жашоо чөйрөсү деп аталат.
Жер бетинин жандуу организмдери (биотасы) тарабынан 4 негизги жашоо чөйрөсү өздөштүрүлгөн: суу, топурак, аба-жер, жандуу организмдер.
Ар түрдүү организмдер ар кандай спецификага ээ: ар кыл тамак ашка муктаж, ар биринин газ алмашуу, суу алмашуу өзгөчөлүктөрү бар. Демек, ар бир жандуу организм аны курчаган заттарды ар башкача пайдаланат, башка организмдер менен ар кыл таасир этишет. Чөйрөнүн бир эле элементи биргеликте жашаган организмдер үчүн да ар башка мааниге ээ болушу ыктымал. Мисалы: шамал жер бетинин элементи катары шамал аркылуу чаңдоочу өсүмдүктөр үчүн (буудай, ак кайың) жогорку даражадагы мааниге ээ ал эми курт- кумурскалар менен чаңдоочулар (алма, көпчүлүк гүлдөр) үчүн ал дээрлик кайдыгер фактор.
Демек, чөйрөнүн таасири организмдер тарабынан чөйрө факторлору аркылуу кабыл алынат да алар экологиялык деп аталышат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жашоо чөйрө, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.