Экологиялык факторлор - сырткы чөйрөнүн түрдүү факторлорунун тирүү организмге тийгизген таасирлери.
Экологиялык факторлордун организмге тийгизген таасиринен жана алардын жооп берүү реакцияларына жараша белгилүү мыйзам ченемдүүлүктөр бар.
Экологиялык факторлордун келип чыгышы боюнча үчкө бөлүп карайбыз:
- Абиотикалык — сырткы факторлордун организмге тийгизген таасири:
- климаттык: температуранын жылдык суммасы, нымдуулук, абанын басымы
- эдафикалык (эдафогендик): топурактын механикалык курамы, аба өткөргүчтүгү, кычкылдуулугу жана химиялык курамы
- орографикалык: кокту колоттор (рельеф), деңиз денгээлинен бийиктиги, зоолордун бийиктиги болуп эсептелет
- химиялык: абанын газдык курамы, суунун туздуулугу, концентрациясы, кычкылдуулугу
- физикалык: ызы-чуу, магниттик талаалар, жылуулукту өткөргүчтүүлүгү жана кармашы, радиоактивдүүлүк, күндүн радиациясы
- Биотикалык — тирүү организмдердин бири-бирине тийгизген таасири:
- фитогендик — өсүмдүктөрдүн таасири
- микогендик — козу-карындардын таасири
- зоогендик — жаныбарлардын таасири
- микробиогендик — микроорганизмдердин таасири тиет
- Антропогендик:
- физикалык: атомдук энергияны колдонушу, поезд жана учактарда жылып жүрүү, толкундун жана ызы-чуунун таасири тиеи
- химиялык: минералдык жер семирткичтерди жана уу химикаттарды колдонуу, өнөр жай жана транспорттун эсебинен Жер бетинин булганышы болот
- биологиялык: азык-түлүк; организмдер
- коомдук — адамдардын коомдогу көз карашы жана өзүлөрүн алып жүрүүлөр болуп саналат
Колдонулган адабияттар
- EKOLOJİ ÇEV-150. 2. Hafta: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi / Dr. Nurzat Totubayeva
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Экологиялык факторлор, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.