Жибек — жибек куртунун безинен бөлүнүп чыгуучу нукура (табигый) текстиль буласы.
Адегенде жибек курттун кокону ысык сууда жумшартылып, андан соң жазылып кургатылат. Натыйжада узундугу 0,4–1,2 кмге жеткен таза, жалтырак кош катар жибек жип алынат. Мындай жип оңой боёлот жана бышык болот. Бир нече түрмөктөн турган жиптер адегенде самын жана башка заттар менен ысык сууда кайнатылып, батташкан заттардан тазартылат, андан соң металл цилиндринин ичке көзөнөгү аркылуу созуп өткөрүлүп, чыйратуучу машинага берилет. Эриши (кездеменин узунунан жайгашкан жиптери) катары колдонулуучу жибек жип трамм деп аталат. Аркак (кездеменин туурасынан кеткен жиптери) түрүндө колдонулган жип органсин деп аталат. Ал траммга караганда азыраак күч менен каршы тарапты карай чыйратылат. Үзүлгөн жиптер чыйратылганга жарабайт, ошондуктан аларды майдалап бөлүп, пахта, зыгыр жана жүн сыяктуу ийрийт. Жибек кездеме токуу жана техникалык максаттар үчүн, ошондой эле электр өткөрбөөчү материал катары колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жибек, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.