Виржиния Вулф

Аделина Виржиния Вулф (англ.

Ал аң сезимдин агымын баяндоо шайманы катары пайдаланган алгачкы инсан болгон. Лондондун Кенсиңтон жергесинде бай үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген Вулф Киңс Коллеж Лондон окуу жайына тапшырган жана аялдардын жогорку билими боюнча алгачкы реформачылар менен таанышкан.

Виржиния Вулф
Виржиния Вулф (1902).

Бала кезинин көпчүлүк бөлүгүн үйдө билим алып өткөргөн Вулф 1900-жылы профессионалдык түрдө жаза башташкан. Согуш ортосундагы мезгилде Вулф Лондондогу адабий коомдо олуттуу орунга ээ болуп, таасирдүү Блумсбери интеллектуалдар тобунда башкы фигурага айланган. Ал 1915-жылы өзүнүн алгачкы "Саякаттан ары" (англ. The Voyage Out) романын жарыкка чыгарган. Аны жолдошу Леонард Вулф экөө негиздеген Hogarth Press басмаканасында чыгарышкан. Анын белгилүү чыгармаларына "Миссис Дэллоуэй" (англ. Mrs Dalloway, 1925), "Маякка сапар" (англ. To the Lighthouse, 1927) жана бир китеп көлөмүндөгү "Кимдир бирөөнүн өз бөлмөсү" (англ. A Room of One's Own) дил баяны кирет. Бул дилбаян "Аял көркөм чыгарма жаза турган болсо анын өзүнүн акчасы жана бөлмөсү болушу керек" деген учкул сөз менен жарык көргөн.

Вулф 1970-жылдардагы феминист сынчылардын башкы темасына айланып, анын эмгектери коомчулуктун көңүлүн бурган жана "феминизмге дем бергени" үчүн кеңири катмардын ой-пикирлерине жем таштаган. Бул анын чыгармаларынын алдын ала билинбеген жагы болуп калган. Анын эмгектери дүйнө жүзү боюнча кеңири окулуп, элүүдөн ашуун тилге которулган. Ал өмүрүнүн акырына чейин психикалык илдеттен жабыр тартып, 1941-жылы 59 жашында сууга боюн таштап, өз өмүрүн кыйган.

Өмүр таржымалы

Чыгармалары

Шилтемелер

Tags:

Англис тили

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Электр талаасыКыргыз Ала-ТооКыргызстандын КонституциясыЧубак (баатыр)ШвецияДем алуу системасыИлон МаскТогуз коргоолБашкы баракМар БайжиевБугу (уруу)ПублицистикаКиловаттКурактык өзгөчөлүкДрамаАлмаАлыкул ОсмоновАбортТамак сиңирүүКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруЫкташууБалыкБиринчи жардамАтоочтук түрмөкБөйрөк оорусуГенотип жана фенотипКыргыздын улуттук кийимдериАйкындоочСеметей эпосуГеографиялык кабыкӨзгөнАскердик антЭнесай Кыргыз кагандыгыАң-сезимБайламтаБразилияАдминистративдик укукОмонимСпиртКыргыз композиторлоруБазар экономикасыМендель мыйзамдарыЭкинчи дүйнөлүк согушКосмосЖыланЭлектр-магнит толкундарыКаныбекАйтматовдун чыгармаларыЖаратылыш ресурстарыКлетка теориясыЖалал-АбадКыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаТянь-Шандын түндүк тизмегиКомпьютердик графика –Атама сүйлөмГлобалдык экологиялык проблемаларИсторизмдерМамбетимин уулу КазыбекКыргыз тилинин жазуу эрежелери, 2002 ж. редакциясыЭлечекЭпосАнжиян көтөрүлүшүИбраев, ЭсенгулТүндүк Кыргызстандын Россия менен элчилик алакаларыСинтаксисБишкекКөп маанилүү сөздөрМанастын туулганыКыргыз эли колдонгон жазууларДелбиримАба ырайын болжооЫктымалдуулук теориясыКонституцияЫсык-Көл облусуМаданий өсүмдүкКаратма сөзДекларация (жарнак)🡆 More