Хазарлар – түрк тилинде сүйлөгөн көчмөн уруулар.
Чыгыш Европага хунндардын толкуну (4-кылым) менен барышкан. 6-кылымдын 60-жылдары Түрк кагандыгына баш ийишкен. 7-кылымдын ортосунда хазарлар кагандыгы калыптанып, 965-жылга чейин өкүм сүргөн. Хазарлар кагандыгы талкаланган соң, өлкөнүн калкы башка түрк тектүү элдердин курамдарына жуурулуп кетишкен. 9-кылымда хазарлар иудаизм динин кабыл алышып, ал мамлекеттик дин катары жарыяланган. Иудаизмди тутунган караимдерди Хазарлардын урпактары деген жоромолдор бар. Гедиминдин тушунда Крымдан Литвага көчүрүлгөн караимдер ушул тапта Литва, Польша, Израилде жашашат.
“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Хазарлар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.