Иудаизм

Иудаизм(кырг.

Жүдейчилик)– эң байыркы диндердин бири. Ал биздин заманга чейинки 21-кылымда жөөттөрдүн (еврейлердин) улуттук дини катары пайда болгон. Жөөт динчилдери өз элин «кудай тандаган эл», ал эми иудаизм аларга кудайдын өзү тарабынан берилгендигин далилдөөгө далалаттанышат. Чындыгында иудаизм башка диндер сыяктуу эле политеизмден монотеизмге карай татаал өнүгүү жолун басып өткөн. «Иудаизм.» түшүнүгү жөөттөрдөн жүде(иуда) уруусунун атынан аталган. Бул уруу бардык жөөт урууларына үстөмдүк кылып, алардын Яхве (чагылган, от, суу) кудайы алгач көп сандаган кудайлардын бирине, кийин жөөттөрдүн жалгыз кудайына айланат. Биздин заманга чейинки 13-кылымда жөөттөрПалестинаны багынтып алгандан кийин Яхбе кудайынын урматына Жүдей дининин чордонуна айланган Жерүселим(Иерусалим) храмы курулган. Иудаизмдин өнүгүүсүндө төмөнкүдөй үч этапты айырмалоого болот: 1. Библиялык этап бул мезгилде иудейлердин Танах деп аталган ыйык китеби калыптанган. Кийин иудаизмге таянуу менен пайда болгон христианчылык Танахты эч өзгөрүүсүз кабыл алат да, аны Эски осуят деп атайт. Танахты жазууда Байыркы Чыгыш элдеринин диний ишенимдери, байыркы санжыралар, окуялар, уламыштар, мифтер, ырлар, притчалар ж. б. пайдаланылган. Танахта иудей кудайы Яхбе тарабынан алты күндүн ичинде асман, күн, ай, жылдыз, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, ошондой эле алгачкы адамдардын «жок нерседен» жаралгандыгы; Эдемде (жердеги бейиште) жашаган алгачкы адамдар Адам менен Хаббанын жашоо-турмушу; алардын жасаган күнөөсү, башкача айтканда турмуштун жашыруун сырын билүүгө далалаттангандыгы үчүн бейиштен куулушу; топон суу; Нух пайгамбардын кемеси ж. б. тууралуу сөз кылынат. Эски осуят болуп саналган Танахта диний ишенимдер, адеп-акылак эрежелери, үгүт-насааттар жана ар бир жүдей көздүн карегиндей сактоого тийиш болгон 10 насыят чагылдырылган. Өз маңызы боюнча Танах алгачкы жамааттык түзүлүштө жана эрте кул ээлөөчүлүк доорунда жашаган адамдардын курчап турган дүйнө тууралуу көз караштарын, биздин заманга чейинки жөөттөрдүн тарыхын, кулк-мүнөзүн, турмуш-тиричилигин фантастикалуу жана бурмалаган формада чагылдырган диний китеп болуп саналат. 2. Талмуддук этапта кул ээлөөчүлүк доордо жашаган еврейлердин диний түшүнүктөрү өнүккөн. Биздин замандын 70-жылдары Жерүселим храмы римдиктер тарабынан талкаланып, еврейлер Палестинадан куулуп, ар кайсы мамлекеттерде диаспора түрүндө жашоого аргасыз болушкан. Алар синагогаларда (сыйынуу үйү) чогулуп, Тора (мыйзам) окуп, жаңы шарттарга ылайык анын маани-маңызын чечмелешкен. Торага берилген оозеки баяндамалар, түшүндүрмөлөр кагаз бетине түшүрүлүп, аталган жыйнак Мишна («мыйзамдын кайталанышы»), кийинчерээк Гемара («толук түшүндүрмө») деп аталган. Мишна менен Гемаранын биригүүсү Талмуд («окуп-үйрөнүү») деп аталат. Талмудда динге ишенген жүдейлердин кылмыш-жаза мыйзамдары, жарандык жана үй-бүлөлүк укуктар, адеп-ахлак нормалары, диний догмаларга берилген түшүндүрмөлөр, культтук иш-аракеттин эрежелери чагылдырылган. 3. Реформациялоо этабында иудаизмди модернизациялоого болгон тенденциялар күч алат. Учурда иудаизмде көп сандаган агымдар жана секталар бар. Жүдейчилик дини жөөт элинин «кудай тарабынан тандалгандыгына» же мессиянын (кудай тарабынан өз бийлигин түбөлүк орнотуу үчүн жерге жиберилген куткаруучу) келишине, жандын өлбөстүгүнө, тиги дүйнөдөгү түбөлүк жашоого, Танах менен Талмуддун ыйыктыгына ишенүү түзөт. Жүдейлердин пикири боюнча Яхбе чыныгы кудай, ал дүйнөнү «жок нерседен» жараткан, ага сыйынуу ар бир еврейдин ыйык парзы болуп эсептелет. Танахта Яхбенин душмандарын массалык түрдө өлтүрүү фактылары да сүрөттөлгөн. Жүдейчиликте тотемизм (мисалы, чочконун, коёндун, жылкынын этин жегенге болбойт), анимизм (тамак-ашка «дененин кандагы жаны» болуп саналган канды пайдаланууга тыюу салынат) жана фетишизмдин (Танахтан алынган үзүндүлөр, цитаталар сакталган кутуча болуп саналган филактерийлерге сыйынуу) саркындылары сакталып калган. «Кудай тарабынан тандалган» деп аталган догмага ылайык Яхбе жөөттөрдү артыкча жакшы көрүп, аларды башкалардан жогору койгон. Анын белгиси катары кудай еврейлер менен келишим түзөт, ал эми еврейлер башкалардан айырмалануу максатында сүннөткө олтуруу ырымын кылышат. Яхбе еврейлерди коргойт, ал эми жөөтөр Яхбеге ишениши абзел. Жүдейлер акыр заман күнү жөөттөрдүн душмандарын жазалап, дүйнөдөгү жамандыкты жойгон мессиянын келишине ишенишет. Мессиянын келиши менен дүйнөдө теңдик менен адилеттик орнойт. Мессия еврей элине өзгөчө жыргалчылыктарды тартуулайт. Түркүн жер-жемиштер пайда болуп, оору-сыркоо, согуштар жоголот, жөөттөр 1000 жылга чейин жашап, татыктуу доорон сүрүшөт. Жүдейлер жандын өлбөстүгүнө жана тиги дүйнөгө ишенишет. Алар үчүн Танах менен Талмуд ыйык китептерден болуп саналат. Ысрайылда бул китептер мектептерде окутулуп, алардын текстин жакшы билгендердин арасында конкурстар өткөрүлөт. Диний жамааттын 10дон кем эмес мүчөлөрүнүн катытуусу менен динчил жүдей күн сайын үч маал кудайга сыйынып (Яхбе кудайына арыз-муң, өтүнүчтөр менен кайрылуу) жана жеген тамагы, ичкен суусу, уйкусу ж. б. үчүн Яхбе кудайын мактап турууга тийиш. Жүдейлер орозо кармашат, жаңы төрөлгөн эркек балдарды сегизинчи күнү сүннөткө олтургузушат. 1948-ж. Ысрайыл түзүлгөн соң, жүдейчилик анын расмий динине айланган.

Иудаизм
Жүдейчилик.

Tags:

АнимизмЖөөттөрПалестинаТотемизмФетишизм

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ТөрөтТок булагыВитамин CСаспаев АманБайчечекейАт жабдыктарыСалижан ШариповОкутуу методуШатман СадыбакасовКыргызстандын Орусияга каратылышыЖаныш-Байыш«Жаныш-Байыш» эпосуАвитаминозУулуу өсүмдүктөрЖусуп БаласагынПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыБүркүтКыргызстандын Россияга каратылышыАсан КайгыАк батаЭлектролизЖакыпНарын облусуКыргызстандагы жаныбарларТигүү машинасыТамеки чегүүТүндүк Кыргызстандын Россия менен элчилик алакаларыКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиЖөтөлгө каршы дарыларКыргыз автономиялуу облусуМолдоваСеметейКалийКош сөздөрБалыкХлорЩелочтуу жер металлдарыСаякСаруу (уруу)МеталлКоёндор жапайыДүйшөнкул ШопоковБиринчи дүйнөлүк согушАдеп тарбиясыЖердин экологиялык маселелериУлуу Ата-Мекендик согушАалы ТокомбаевАкжол МахмудовКараханийлер кагандыгыСын атоочБизнесЖоомарт БөкөнбаевТушоо кесүүОрмон ханСарыкМеталл эместерЭки досБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыКокон көтөрүлүштөрүКара кытайлар (кара кидандар)Бириккен Улуттар УюмуТабигый ресурстарАкынЭки миң сомСуутекСыдык уулу ОсмонаалыКыргыз композиторлоруКутурмаПланеталардын жандоочуларыИшкердикТкандар (биологияда)Кыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүМиграцияАлымбек даткаЖусуп АбдрахмановДарыяДидактикаТике сөз🡆 More