Фенноскандия

Фенноскандия - Түндүк Европадагы табигый аймак.

Фенноскандияны Балтика, Түндүк, Норвег, Баренц, Ак деңиздер чулгайт. Скандинав, Кола жарым аралдарынын жана чектеш аймактарды (Финн булуңу, Ладога жана Онега көлдөрүн жана Ак денизди туташтырган шарттуу сызыктын түндүк-батыш тарабын) камтыйт. Аянты 1,5 млн км2дей. Рельефинде пенеплендешкен тайпак тоолор басымдуу. Ирилери: Скандинавия (эң бийик жери 2469 м, Гальхёпигген чокусу), Хибин, Норланд. Фенноскандиянын көп бөлүгүнүн климаты мелүүн (батышында деңиздик, чыгышында континенттик). Скандинавия тоосунун батыш капталдарында жаан-чачын 2000-3000 ммте чейин жааса, чыгышында 400-500 мм. Дарыяларынын суусу мол, босоголуу. Көлдөр жана саздар арбын. Аймагынын У2 бөлүгүнөн көбүн токой (тайга, түштүгүндө ара лаш жана жазы жалбырактуу токой) ээлейт. Түндүгүндө жана тоолорунда тундра өсүмдүктөрү өсөт. Темир (Швеция, Норвегия), жез, никель, апатит (РФ), хромит (Финляндия), полиметалл кендери бар. Фенноскандиянын аймагында Швеция, Норвегия, Финляндия мамлекеттери, Россиянын (Кола ж. а., Карелия) бир бөлүгү жайгашкан.

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Tags:

Европа

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Төлөгөн КасымбековИнтонацияТил ченемиТоктоболот АбдумомуновИван ПанфиловТике сөзМанасОперациялык системаКомпьютердик тармакЭтиштин чактарыБалдарды коргоонун эл аралык күнүКара кытайлар (кара кидандар)ИсламУлуу БританияИррационалдык санКыргызстандын туусуWi-FiМахабат дастаныАксы районуАтаке баатырАбдырахман Кучак уулуМакал лакапАмерика1916-жылдагы тарыхый трагедиянын кыргыз адамынын дүйнө таанымына, көз карашына тийгизген таасириКыргыз балдар адабиятыПирамида (геометрияда)Мендель мыйзамдарыКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруАбдыкерим СыдыковБирдиктер системасыКоомМолекулаМоголстанНарын облусуКиринди сөзҮй-бүлөШайлообек ДүйшеевЖакиев БексултанЫбырайым Абдыракман уулуИнсанКүн системасыСоциалдык тармакУлуу жибек жолуТоп жылдызБакайТаш дооруТезисРефератНарынБагынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөмТекстТуберкулёзИлбирсКөз“Алтын кыз” (драма)ТажикстанБалдардын курак мезгилдериКоопсуздук техникасыУйгур кагандыгыСуу сактагычШтат (АКШ)Аскердик антКыргыз Республикасынын экономикасыИнтернетЧубак (баатыр)ОрозоБиблиографияАлай районуКыргыз элдик оозеки чыгармаларНасирдин ИсановКөмүртекМахмуд КашгариЖер-суу реформасыАк батаАйАннотацияТерроризм🡆 More