Кола жарым аралы - Россиянын европалык бөлүгүнүн түндүк-батышында.
Мурманск облусунда. Басымдуу бөлүгү уюлдук тегеректин түндүк бөлүгүндө. Баренц жана Ак деңиздери менен чулганат. Аянты 100 миң км2дей. Түндүк жээги бийик, жардуу, түштүгү түзөң, жантайыңкы; Терск жээги деп аталат. Батыш бөлүгүндө Хибин тоолору (жарым аралдын эң бийик жери — Юдычвумчор чокусу, бийиктиги 1200,6 м) жана Ловозеро тундрасы (1116 мге чейин), борбордук бөлүгүндө Кейвы жалчалары жайгашкан. Кола жарым аралы тектоникалык жактан Балтика калканынын түндүк-чыгыш четин түзөт. Апатит рудасы (Хибин), глинозём сырьёсу (Кейвы), никель (Печенга, Мончетундра) жана башкалар кендери бар. Климаты Атлантика жылуу агымынын таасиринен салыштырмалуу жылуу. Январдын орточо температурасы түндүгүндө -8°С, борбордук бөлүгүндө -13°С, июлдуку 8-14°С. Босоголуу дарыялары (Поной, Вазуга, Умба, Нива, Тулома) жана көлдөрү (Имандра, Умбозеро, Ловозеро) көп. Түндүгүнө мамык чөп-эңилчектүү тундра, түштүгүнө токойлуу тундра жана тайга (негизинен мырза карагай, карагай, кайың) мүнөздүү. Күл жана саз, түндүгүндө тундра топурактары басымдуу. Жарым аралдын аймагында Кандалакша жана Лапландия коруктары жайгашкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кола жарым аралы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.