Ак деңиз - Түндүк Муз океанындагы ички деңиз.
Кола жана Канин жарым аралынын аралыгында. Түндүгүнөн Горло жана Воронка кысыктары аркылуу Баренц деңизи менен туташат. Аянты 90 миң км2. Эң терең жери 350 м. Түндүк-батыш жээги бийик жана аскалуу, түштүк-чыгыш жээги жантайыңкы, жапыз. Ири булуңдары: Мезень, Двина, Онега, Кандалашка. Эң ири аралдары: Соловец, Мудьюг, Моржовец. Түндүк Двина, Мезень, Онега, Выг, Нива ж. б. дарыялар куят. Суусунун температурасы жайында 6°Сден 15°Сге чейин, кышында 1°Сден төмөн. Туздуулугу 24төн 34,5%оге чейин. Кышында муз каптап турат. Суткада эки жолу ташкындайт (бийиктиги Мезень булуңунда 10 мге чейин жетет). Балык (сельд, навага, сига), түлөн кармоо өнүккөн. Ак деңиз-Балтика каналы аркылуу Балтика деңизинин алабындагы көлдөр жана дарыяларга, Волга-Балтика суу жолуна, башкача айтканда Каспий, Азов жана Кара деңиздерге чыгат. Башкы порттору: Архангельск, Онега, Беломорск, Кемь, Кандалакша.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ак деңиз, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.