Норвег деңизи – Түндүк Муз океандагы четки деңиз; Скандинавия жарым аралы менен Шетленд, Ферер, Исланд, Ян-Майен, Аюулуу аралдарынын ортосунда жайгашкан.
Норвегиянын батыш жээгин чулгайт. Аянты 1340 миң км2. Эң терең жери 3970 м. Норвегиянын жээгинде тайыздыктар (Лофотен) жайгашкан. Февралдагы суунун темпрасы 2–7˚С, августтуку 8–12˚С. Туздуулугу 35,2‰ге чейин. Норвег деңизи аркылуу өткөн Норвег агымынын таасиринен деңиз суусу тоңбойт. Суткасына эки жолу ташкындайт (3,3 мге чейин). Балык (треска, сельдь) кармалат. Негизги порттору: Тронхейм, Нарвик, Тромсё.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Норвег деңизи, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.