Уран (химиялык элемент) - (лат.
Uranium, U) - элементтердин мезгилдик системасынын 7-мезгилинин 10-катарынын III тобундагы радио активдүү элемент.
Актиноиддерге кирет. К. н. 92, ат. м. 238,029. Урандын м. сандары 228U - 241U болгон 14 изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу - 237U. Жер кыртышынын (массасы боюнча) 3-10 4 % ин тузөт. 1789-ж. немис химиги Мартин Генрих Клапрот ачкан, металл түрүндөгү 1841-ж. фр. химиги Эжен Пелиго У. 11С14тү калий менен калыбына келтирүүдөн алган: UC1.+ 4К = U + 4KC1 4 Табиятта Уран отенит, титаниттер, танталониобат ж. б. минералдардын курамында болот. Ак түстөгү, оор металл; б. эрүү t 1572°С; кайноо t 4487°С; бирикмелеринде +3, +4, +5 жана +6 (кээде +2) окистенүү даражаларьш көрсөтөт. Уран кычкылтек менен U02, U03, U203 оксиддерди, галогендер менен галогениддерди, азот менен 450-700°Сде U4N7 нитридди, көмүртек менен карбидди, металлдар менен ар түрдүү куймаларды пайда кылат. Уран туз, азот к-таларында жакшы эрийт, ал эми щелочтор менен реакцияга кирбейт. Урандын (III) валенттүү бирикмелери күчтүү калыбына келтиргич заттар. Уран жана анын бирикмелери АЭСте ядро реактор отуну катары, ошондой эле металлургияда колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Уран (химиялык элемент), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.